Меню

A A
КОРЕЯЛЫК ВОЛОНТЕРЛОР БИШКЕКТЕГИ БОТАНИКАЛЫК БАКТЫ КӨРКТӨНДҮРҮҮГӨ САЛЫМ КОШУШТУ

КОРЕЯЛЫК ВОЛОНТЕРЛОР БИШКЕКТЕГИ БОТАНИКАЛЫК БАКТЫ КӨРКТӨНДҮРҮҮГӨ САЛЫМ КОШУШТУ

2025-жылдын 28-августунда Корея Республикасынын Кёнги провинциясынан келген волонтерлор Гареев атындагы Ботаникалык бакта декоративдүү өсүмдүктөрдү жана кооз гүлдөрдү отургузушту. Бул иш-чараны уюштуруп, көмөк көрсөткөн — “Khayak kg” кайрымдуулук фонду. Фонд мындан ары да көчөттөр тигилген аянтты көзөмөлдөп, багып турууну пландоодо.
Иш-чаранын максаты — Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу, жашыл аймактарды көбөйтүү жана шаар тургундары менен коноктор үчүн жагымдуу эс алуу бурчун түзүү. Отургузулган көчөттөр келечекте бактын көркүн ачып, ажайып аянтчага айланары күтүлүүдө.
29-августта Кёнги провинциясынан келген жаштар жана бак тигүүгө кызыккан жергиликтүү тургундар үчүн климаттын өзгөрүүсү жана экологиялык аң-сезим темасында атайын семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга бак-дарактарды отургузуунун мааниси, климатка тийгизген таасири жана жаратылышты коргоо жолдору тууралуу маалымат берилди.
Бул демилге — эл аралык кызматташтыктын жана жаратылышты сактоого болгон биргелешкен аракеттердин ачык мисалы.

Сүрөттөр