Меню

КОРЕЯ ИНСТИТУТУ КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР
Климатты жана айлана-чөйрөнү изилдөө боюнча Корея институтунун өкүдөрү – Корея илимдер академиясынын вице-президенти, профессор Ким Ки Чон, кызматкерлери Жон Ю Чан жана Хан Бюнхён бүгүн КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясына келип, президент Канатбек Абдрахматов менен жолугушту.
Алар токой чарбасында бак-дарактарды изилдөө, шамалдан, күндөн энергия алуу боюнча ойлорун ортого салышып, андан ары долбоорлорду иштеп чыгуу керектигин сүйлөшүштү. Анүчүн эки өлкөнүн илимпоздору 3 айда бир ЗУУМ платформасы аркылуу семинарларды уюштуруп, акылдашып ишке киришүү боюнча балким Кыргызстан-Корея коомчулугун түзүп, мындан аркы жасалуучу иштерди талкуулап туруу керектигин акылдашышты.
Келген өкүлдөр Индонезияда, Вьетнамда, Камбоджада жасап жаткан иштерин Кыргызстанга жасоо ниеттерин билдиришти.
Жолугушуунун аягында Улуттук илимдер академиясы менен Климатты жана айлана-чөйрөнү изилдөө боюнча Корея институтунун ортосунда кызматташуу үчүн Меморандумга колдор коюлду.