Меню

A A
КООПСУЗ АБАЛДАН КОРКПО!

КООПСУЗ АБАЛДАН КОРКПО!

Кечээ, 26-ноябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын короосунда өзгөчө кырдаалдарда коопсуздук эрежелерин кантип сактоо керектиги боюнча практикалык окуу-тренинг өткөрүлдү.
Тренингди эмгек коопсуздугу боюнча адис Нарынбек Сааданбеков жүргүзүп, катышуучуларга кооптуу кырдаалда кандай туура жана кырсык болгон учурда кандай аракеттенүү керек экенин практика жүзүндө үйрөттү.
Жылына бир жолу өтүүчү мындай тренингде бул эрежелерди сактоо керектиги айтылды:
* Атайын сигналдарды угуп, көрсөтмөлөрдү так аткаруу;
* Ызы-чууга алдырбоо, айланадагыларга жардам берүү;
* Чыгуу жолдорун билүү;
* Муктаждарга кол кабыш кылуу;
* Ар түрдүү коркунучтардын алдын алуу.

Сүрөттөр