Меню

A A
КООМДУК АЙТМАТОВ АКАДЕМИЯСЫНЫН АРДАКТУУ АКАДЕМИГИ – БЕКТЕМИР МУРЗУБРАИМОВГО БЕРИЛДИ

КООМДУК АЙТМАТОВ АКАДЕМИЯСЫНЫН АРДАКТУУ АКАДЕМИГИ – БЕКТЕМИР МУРЗУБРАИМОВГО БЕРИЛДИ

29-сентябрда КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Адабият институту өзүнүн алдында түзүлгөн Коомдук Айтматов академиясынын ардактуу академиги наамын КР УИАнын академиги Бектемир Мурзубраимовго берди. Академиктин илимге, билимге жасаган эмгегин, Чыңгыз Айтматовго көрсөткөн сый-урматын баалап, 85 жылдык мааракесинин алдында уюштурулулду. Б.Мурзубраимов көптөгөн университеттерде окутуучу, Жогорку Кеңештин 3 жолку депутаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Манас” орденинин ээси, дүйнөлүк окуу жайлардын ардактуу доктору, профессору болгон.
Бул эмне деген коом? Кандай милдеттерди аткарат? Ушундай суроолорго жооп бергенче академик Бектемир Мурзубраимовго ардактуу академик наамын тапшыруу себептерин УИАнын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев мындайча түшүндүрүп берди:
“Эгемендүүлүк келгенден кийин ар кандай коомдор түзүлө баштаган. Коомдук академия деп алгач Дүрбөлөң Жапаров түзгөн. 1994-жылы биз Коомдук Айтматов академиясы деп түздүк. Ошондон бери коом өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша Ч.Айтматовду, дүйнөлүк адабиятты, маданиятты, искусствону даңазалап келет. Биздин филиалдарыбыз дүйнөнүн 10 чакты өлкөлөрүндө бар. Жыл сайын ар кандай иш-чараларды өткөрөбүз. Бул Айтматов үчүн эле эмес, жалпы кыргыз маданияты, адабияты, искусствосу учун, кийинки муунга үлгү катары калтырыш үчүн иштеп келатат. Биздин академиянын эки диплому бар. Биринчиси – адистик жагынан филологдорго, адабияттын проблемаларына кайрылган А.Эркебаев, О.Ибраимов, Л.Үкүбаева сыяктуу академиянын мүчөлөрүнө берилет, экинчиси – ардактуу академик деген диплом Чыңгыз Айтматовдун идеяларын жайылткан ар түрдүү кесиптин ээлерине берилет.
Мен Бектемир агайды 25 жылдан бери билем. Ушул жылдардын ичинде ал ректор болсун, депутат болсун, Айтматовдун бардык конференцияларына активдүү катышып, пикирин билдирип келатат. Бүгүн агай өзүнүн “Айтматов кыргызды бийикке тааныткан кыраан” деген публицистикалык макалалар, маектер китебин чыгара келиптир. Бул үчүн куттуктайбыз. Бектемир Мурзубраимович Чыңгыз Айтматов менен бир күндө 12-декабрда туулган. Биз агай экөөбүз дайыма 12-декабрда Ата-Бейитке барып, Айтматовго куран окутуп коюп, бул жактагы иш-чараларга катышабыз. Агай бизге дайыма өрнөк көрсөтүп келет. Ошондуктан агайга Чыңгыз Айтматовду жайылтып, изилдеп, китеп чыгарып, урмат-сый көрсөтүп келаткандыгы үчүн Коомдук Айтматов академиясынын ардактуу академиги наамын тапшырып олтурабыз”.
Иш-чарага Айтматов сүйүүчүлөр, академиктер, адабиятчылар катышып, төкмө акындар төгүп, маараке алдындагы сүйүнүчтүу окуя болду. Жакшыны баалай билген, жакшыга жакшыны жанаштыра билген А.Акматалиев да өзүнүн адабиятчылар жамааты менен көптөгөн иш-чараларды уюштуруп, алкоого татып келатат.

Сүрөттөр