Меню

A A
КОНЦЕПЦИЯ ДОЛБООРУ БЕКИТИЛДИ

КОНЦЕПЦИЯ ДОЛБООРУ БЕКИТИЛДИ

Москва шаарында 2025-жылдын 19-ноябрында РИАнын вице-президенти, академик В.Я. Панченконун төрагалыгы алдында КМШга мүчө мамлекеттердин фундаменталдык илим жаатындагы кызматташтык боюнча Кеңештин XIII жыйыны болуп өттү. Жыйында илимий кызматташтыктын жыйынтыктары чыгарылып, КМШ өлкөлөрүнүн фундаменталдык илимди өнүктүрүү Концепциясынын долбоору бекитилди.
Кызматташтыктын негизги формаларына — биргелешкен илимий изилдөөлөр, билим жана технологияларды трансфер кылуу программалары, илимий маалымат жана адабият алмашуу, стажировкалар, квалификацияны жогорулатуу, конференциялар, симпозиумдар кирет. Илимий изилдөөлөр Жер таануу, сейсмология, биология, биофизика, экология, табиятты коргоо технологиялары, материал таануу, машина куруу приборлору, маалыматтык технологиялар, жасалма интеллект технологиялары, айыл чарба өндүрүшү жана башка багыттарда жүргүзүлөт.
КМШнын фундаменталдык илимди өнүктүрүү Концепциясынын долбоору сунушталып, анда фундаменталдык илимдин ролу жана аны илимий-технологиялык прогресстин негизги элементи катары өнүктүрүү маселеси баса белгиленди.
Жыйынга КР Улуттук Илимдер Академиясынын атынан академиянын башкы илимий катчысы, УИАнын корреспондент-мүчөсү Бермет Худайбергенова катышты.