Меню
КОНФЛИКТТИ ДИАЛОГ МЕНЕН ЧЕЧҮҮГӨ БОЛОБУ?
Бүгүн, 28-ноябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында “Кагылышуудан – маданияттар жана цивилизациялар диалогуна: коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери” аттуу илимий-практикалык конференция өтүп жатат.
“Биз азыр маалыматтык жана социалдык конфликттердин курчуп турган учурундабыз. Андыктан коом жаңы интеллектуалдык инструментке муктаж болуп турат. Бүгүнкү форум өзгөчө керек, биринчиден – ал кагылышуу, маданият, коопсуздук, саясат, социалогия багыттарын камтыйт, экинчиден – ал тез өзгөрүлмө дүйнөдө эксперттик диалогго мейкиндик ачат. Конфликттен диалогго өтүү жогорку акыл-эс маданиятын көрсөтөт. Бүгүнкү иш-чара дүйнөнүн негизи болгон биримдикти бекемдөөгө жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө өз салымын кошот деп терең ишенем”, - деди КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов.
Бул боюнча УИАнын А.Алтымышбаев атындагы философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору Нур Саралаев буларды айтып берди: “Акыркы 10 жылдын ичинде өтө актуалдуу болуп кеткен проблемалардын бири – конфликт. Аны кантип чечиш керек, тынчтык жолу менен чечүүгө болобу, болсо кандай ыкмалары бар, методологиясы кайсы, чечилген конфликт кандай жыйынтыктарга алып келет, - деген маселенин тегерегинде чогулуп жатабыз. ХХ кылым согуштардын жана конфликттердин борбору болгон. Азыр деле булар башкача ыкма, методология менен уланып жатат. Конфликттерди чечүүнүн башкы бир методу – диалог болуп эсептелет. Ал ар кандай типте – экономикалык, саясий, маданий жана цивилизациялардын диалогу болот. Конфликтти диалог менен чечүүгө болобу, болбойбу деген суроолордун тегерегинде докладдар жасалат. Диалогдун аймагын кеңейтиш керек. Ушул маселеде Бишкектеги БУУнун өкүлдөрүн, белгилүү саясатчыларды, окумуштууларды, конфликтология боюнча адистерди чакырганбыз”.