Меню
КОМАНДИРОВКАГА ЧЫГЫП КЕЛГЕН КЫЗМАТКЕРЛЕР ОТЧЕТ ТАПШЫРАТ
Бүгүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында чет өлкөлөргө эл аралык иш-чараларга, кызматтык командировкаларга чыгып келгендердин отчет тапшыруулары боюнча талаптардын аткарылып жаткандыгын угуу боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынды УИАнын илим жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Толкун Урусова өтүп, илимий институттун жооптуу кызматкерлерине система боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Командировкага барып келген иш-чара жана отчеттогу бардык маалыматтар сөзсүз түрдө “Дипломатиялык кызмат” деп аталган автоматташтырылган маалыматтык системага (АМС) киргизилиши керек.
Буга байланыштуу Улуттук илимдер академиясынын ар бир илимий-изилдөө мекемеси “Дипломаттык кызмат” (АМС) системасын толтуруучу жооптуу адамды дайындап, AnyDesk программасын киргизип алуусу зарыл.
Бул 2025-жылдын 19-августундагы КР Президентинин Администрациясынын жетекчиси – КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын аппараттык кеңешмесинин № 31-22 протоколунун 6.1 пунктуна ылайык “Дипломатиялык кызмат” автоматташтырылган маалыматтык системасын сөзсүз киргизүү тапшырмасынын негизинде ишке ашууда. Бул системанын “Чет өлкөлүк иш сапарлар” модулу ишке киргизилгендигине байланыштуу макулдашуу процедураларын так сактоо жана материалдарды санарип форматта тапшыруу милдеттүү болуп саналат.