Меню
КОЛ ЖАЗМАЛАРДЫ БАЛАДАЙ БАПЕСТЕГЕН АСЕЛЬ ИСАЕВА
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында жүз жылдар, андан мурун да жазылган кол жазмалар сакталууда. Академиянын сыймыгы ушулар. Бизге кол жазмалар сакталган бөлмөлөрдү, текчелерди көрсөтүп, кызыккан суроолорубузга кол жазмалар фондунун башчысы Асель Исаева жооп берди.
“Бизде азыр 5 миң 134 даана кол жазмалар сакталып турат. Анын ичинде 840 эски басмадан чыккан китептер жана чагатай, араб, перс тилиндеги кол жазмалар бар. Андан сырткары, 209 магниттик ленталарда сакталган үндөр бар. Биз мунун баарын четинен санариптештирип жатабыз. Кол жазмаларды өрттөн сактоо үчүн мурунку жылы Өкмөттүн каражатына өрт өчүрүүчү газ каражатын орноттук. Биздин алдыбызга койгон тапшырмабыз – кол жазмалар көп жылга сакталышы үчүн калыбына келтирүү иштерин жасообуз керек. Анүчүн лаборатория ачып, кызматкерлерди окутуу зарыл. Мунун баары чоң акча каражатын талап кылат. Биз муну акырындык менен баштадык. Казак коллегалар атайын келишип мастер-класстарды өтүп кетишти. Казакстан улуттук китепканасында калыбына келтирүү мектеби бар. Биз аларга барып окуйлу деп жатабыз.
Экинчи чоң маселе – кол жазмаларды илимий жактан түшүндүрүп жазып чыгуу. Биз кол жазмалардын көпчүлүк бөлүгүн жазып чыктык. Бул иштер дагы улантылат, анткени фонддогу материалдар көп.
Кийинки ишибиз – окурмандар менен иштешүү. Анткени, бизге ЖОЖдордон изилдөөчүлөр, тарыхчылар, адабиятчылар же жөн гана фольклорго кызыккан адамдар келип турушат.
Дагы бир ишибиз – кол жазмаларды текстке түшүрүү жана публикация кылуу. Биз аларды мазмунуна карап илимий жактан изилдеп, басып чыгарууга даярдайбыз. Публикацияга бүтүндөй Адабият институтунун кызматкерлери тартылган.
Кол жазмалардан китеп болуп негизинен “Манас” үчилтигинин 20 варианты басылып чыккан же колдо турган эпостун бардыгы басылган. Жалпысынан “Манастын” фрагменттери менен 78 варианты бар.
Кол жазмалар фондунун өзүнүн атайын сайты иштейт. Анда ачык кол жазмалар, сүрөттөр, үндөр сакталган. Негизинен манасчылардын үндөрү.”, - деди Асель Кеңешбековна.
Баса, кол жазмалар жөнүндө мындай баалуу маалыматтарды берген Асель Исаева биздин залкар адабиятчыбыз Кеңешбек Асаналиев менен манас изилдөөчү Раиса Кыдырбаеванын кызы экен. Аккан арыктан суу агат дегендей, эки залкардын кызы Асель Кеңешбековна кыргызга керектүү баалуу кол жазмаларды баладай бапестеп, сары майдай сактап, санариптештирип отурганына абдан ыраазы болдук. Ишине ийгиликтерди каалайбыз.