Меню

A A
КОДДОН АКЫЛ-ЭСКЕ КАРАЙ...

КОДДОН АКЫЛ-ЭСКЕ КАРАЙ...

КР УИАнын Философия институту «БИФ: жасалма интеллект философиясы» журналын сунуштады
Бишкек шаарында КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын (УИА) академик А.А.Алтмышбаев атындагы Философия институту жаңы илимий-изилдөө – «Жасалма Интеллект Философиясы» тобун ишке киргизди. Анын ишинин алгачкы ири натыйжасы «БИФ: жасалма интеллект философиясы» журналынын жарык көрүшү болду. Бул басылма философия менен технологияны бир интеллектуалдык мейкиндикке бириктирет.
Журналдын урааны – «БИФ – ой жүгүртүү жана талашуу» – адам машиналар менен талашып-тартышып жаткан, бирок дале ой жүгүртүүчү жан бойдон калган доордун рухун чагылдырат. Биринчи чыгарылыштын борбордук суроосу ушул доорго чакырык катары жаңырат: «Код кайсы жерде аяктап, акыл-эс кайсы жерден башталат?»
Журнал машина интеллектинин философиялык маанилерин, алгоритмдердин этикалык чектерин жана технологиялардын адам өзүн кайрадан көрө турган күзгүгө айланышын изилдейт. Биринчи сандагы авторлордун арасында белгилүү философтор жана изилдөөчүлөр бар: Н.К.Саралаев («Жасалма интеллект азыркы учурдун философиялык көйгөйү катары»), Ө.К.Козубаев («Машина этикалык субъект боло алабы?»), З.А.Алымкулов («Машиналык кабылдоонун феноменологиялык редукциясы»), А.А.Бекбоев («Санарип койчу: социалдык башкаруу жана манипуляция коркунучтары»).
Журналдагы материалдар 3 тилде: кыргыз, орус жана англис тилдеринде басылган. Басылманын түзүмүндө – илимий макалалар, философиялык эсселер, диалогдор, новеллалар жана афоризмдер камтылган. «Алгоритм этикасы» бөлүмү автономдуу машиналардын моралдык чечимдерин жана санариптик системалардын адилеттүүлүк маселелерин карайт. «Каршылыктын чек аралары» – бул прогресстин арткы бетине болгон сын көз караш, анда алгоритмдердин бийлиги, технологиялар дүйнөсүндөгү коркуу жана жалгыздык темалары көтөрүлөт. Ал эми «Маданияттагы философия» рубрикасы «Солярис», «Она», «Матрица», «Westworld» сыяктуу культтук чыгармаларды талдоо аркылуу философияны жашоого жакындатат.
Жасалма Интеллект Философиясын түзүүчүлөр – бул монолог эмес экенин баса белгилешет. Журнал окумуштууларды, программисттерди жана сүрөтчүлөрдү бириктирип, жөн гана билим эмес, ой жүгүртүүнүн жаңы ыкмасы экенин айтат.
Журнал тууралуу кененирээк шилтемеде:
https://iphilosophy.naskr.kg/files/Journal_new_philosofy.pdf