Меню
КЛИМАТТЫК КУБУЛУШТАРДЫ СИМТЕМАЛУУ ИЗИЛДӨӨ
Бишкекте климаттык кубулуштарды изилдөө боюнча кыргыз-кытай биргелешкен лабораториясы ачылды
29-сентябрда
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Жибек жолу боюндагы климаттык жана экологиялык өзгөрүүлөргө жана цивилизациялардын эволюциясына арналган Экинчи эл аралык симпозиум өттү. Симпозиумдун алкагында Борбордук Азиядагы экстремалдык климаттык кубулуштарды изилдөө боюнча «Бир алкак — бир жол» Шэньси биргелешкен лабораториясынын М.М. Адышев атындагы Геология институтунун алдында түзүлгөн кыргыз филиалы расмий ачылды.
Илимий форумду КР УИАнын Геология институту жана Кытай илимдер академиясынын Жер чөйрөсү институту уюштурду. Иш-чарага Кыргызстандын, Кытайдын, АКШнын, Өзбекстандын жана Казакстандын алдыңкы илимий-изилдөө борборлорунун өкүлдөрү катышты.
Катышуучуларга КР УИАнын президенти, корреспондент-мүчө Бекмамат Дженбаев куттуктоо сөзү менен кайрылды. Ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин саясий бөлүмүнүн директору Ю Чжоулинь жана КР УИАнын ФТМИГГИ бөлүмүнүн төрагасы, корреспондент-мүчө Нурбек Жеенбаев сөз сүйлөштү.
Биргелешкен лабораториянын ачылышы симпозиумдун негизги окуяларынын бири болду. Илимий бөлүм КР УИАнын Президиумунун 2026-жылдын 7-июлундагы токтомунун, илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай комиссиясынын Экинчи жыйынынын 2025-жылдын 18-июлундагы протоколунун жана КР УИАнын Геология институту менен КЭР Илимдер академиясынын Жер чөйрөсү институтунун ортосунда 2024-жылдын 14-октябрында түзүлгөн алдын ала макулдашуунун негизинде уюштурулду.
Биргелешкен лаборатория кыргыз жана кытай окумуштууларынын он жылдан ашуун убакыттан берки кызматташтыгын улантат. Анын ишмердиги Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүн жана экстремалдык климаттык кубулуштарды системалуу изилдөөгө, анын ичинде төртүнчүлүк мезгилдин палеоклиматтык изилдөөлөрүнө, экологиялык кесепеттерди баалоого жана аймактагы өзгөрүүлөрдүн божомолдорун өркүндөтүүгө багытталат. Аземде азыркы жана келечектеги климаттык процесстерди камтыган эл аралык илимий долбоор тааныштырылды.
Илимий программа
Лянчэн Тан модераторлук кылган пленардык жыйында кеч голоцендеги глобалдык гидроклиматтык өзгөрмөлүүлүк, климаттык өзгөрүүлөр менен байыркы цивилизациялардын өнүгүшүнүн өз ара байланышы, Кыргызстандын суу ресурстарынын абалы, Өзбекстандагы кеч төртүнчүлүк мезгилдин климаты, трансевразиялык илимий алмашуу жана Жибек жолу цивилизацияларынын өнүгүшү талкууланды. Баяндамаларды Ю Лю (КЭР), Ашиш Синха (АКШ), Болот Молдобеков (Кыргызстан), Носир Шукуров (Өзбекстан) жана Ликун Ай (КЭР) жасашты.
Тематикалык секциялардын иши
Күндүн экинчи жарымында катышуучулар төрт параллелдүү секцияда уланды. Талкуулар Жибек жолу аймагындагы климаттык жана экологиялык өзгөрүүлөргө жана алардын кыймылдаткыч механизмдерине; жаратылыш процесстеринин байыркы цивилизациялардын эволюциясы менен өз ара байланышына; аймактык туруктуу өнүгүүгө, азык-түлүк коопсуздугуна жана айыл чарбасын адаптациялоого; жаш окумуштуулардын дисциплиналар аралык изилдөөлөрүнө арналды. Сунушталган темалардын арасында Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалы, Борбордук Азиядагы климаттык динамика, топуракты сактоо, органикалык айыл чарба, агынды сууларды тазалоо жана адам менен айлана-чөйрөнүн өз ара байланышын реконструкциялоо маселелери болду.
Симпозиумдун өткөрүлүшү жана биргелешкен лабораториянын ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын илимий кызматташтыгын бекемдеп, климаттык тобокелдиктерди эл аралык деңгээлде изилдөө, маалымат алмашуу жана жаш адистерди даярдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Маалымат үчүн: КР УИАнын М.М. Адышев атындагы Геология институту — Жер жөнүндөгү илимдер жаатындагы Кыргыз Республикасынын алдыңкы илимий мекемеси. Институт Борбордук Азиянын геологиясын, жаратылыш ресурстарын жана климатын изилдейт

Акыркы жаңылыктар
248
ЖАРЫЯ