Меню

A A
КЕН МЕНЕН МӨҢГҮДӨЙ БААЛУУ – МӨМӨ-ЖАҢГАК ТОКОЙЛОРУ

КЕН МЕНЕН МӨҢГҮДӨЙ БААЛУУ – МӨМӨ-ЖАҢГАК ТОКОЙЛОРУ

Кыргызстандын баа жеткис казынасы – бутунун астында жатат. Бул — табият өзү тартуулаган теңдешсиз тирүү генофонд болгон жаңгак-мөмө токойлору. Кыргызстандын түштүк чөлкөмүнө кадам таштаган ар бир инсан алгач анын керемет демине суктанат. Бул биздин улуттук сыймыгыбыз, кылымдар ата-бабаларыбыздан калган ыйык мурасыбыз.
Жалал-Абаддагы Арстанбап, Гава жана Кызыл-Үңкүрдүн дүйнөлүк деңгээлдеги реликтүү жаңгак-жемиш токойлору, Ысык-Көл апорту жана Баткен өрүгү — биологиялык ар түрдүүлүктүн жарымы топтолгон, кылымдардан калган ыйык мурасыбыз. Тилекке каршы, климаттын жылууланышы, топурактын деградациясы жана малды ченемсиз жайуу ушул улуттук ДНКбыздан ажыратуу коркунучуна алып келүүдө.
Мындан бир кылым мурда Түштүк Кыргызстандын заңгар тоолору — Арстанбап, Ак-Терек, Кул-Камыш жана Долоно — дүйнөлүк илимдин кайнаган улуу полигону болгон. Алгачкы изилдөөчүлөр электр жарыгы жок, табигаттын катаал кучагында жашап, реликт токойлорубузду дүйнөнүн эң мыкты жемиш сорттору менен байытуу үчүн теңдешсиз илимий эрдиктерди жаратышкан.
Тарыхтын алгачкы барагы Ак-Терек капчыгайында ачылып, окумуштуу С.М. Момот баштаган топ улуу тобокелчиликке бел байлаган. Алар 1935-жылы Түркия, Иран жана Кавказдан фундук, пекан жаңгагы, курма, анар жана мистенин назик сортторун алып келип, бийик тоонун каардуу мүнөзүнө каршы коюшкан.
Жашыл мурастын пайдубалы (1936–1938-жж.): Ташкенттеги Шредер институтунан алманын элиталык сыймыктары — ширелүү «Кальвиль», ызгаардан коркпогон «Ренет Симиренко» жана падышалык «Апорт» сорттору, алмуруттун 11, өрүктүн 9 түрү алдырылган. Илимпоздун алтын колу бул назик маданий көчөттөрдү тоонун жапайы дарактарына ийгиликтүү эмдеп, бүгүнкү биз суктанган улуу жашыл мурастын бекем пайдубалын берген.
1946-жылы залкар окумуштуу А.Ф. Зарубиндин жетекчилиги менен СССР Илимдер академиясынын Токой институтунун филиалы ачылып, улуу изилдөөлөргө жол ачылган. 1963-жылга чейин Ак-Терек, Жародар, Долоно жана Кара-Булакта кубаттуу илимий станциялар тармагы курулуп, Түштүк Кыргызстандын жапжашыл токойлорунун илимий баалуулугу дүйнөгө таанылган.
Бул улуу ишке академик Э.З. Гареевдин келиши менен жаңы дем кирди. Эл аралык байланыштар аркылуу Молдовадан «Бомба» жаңгагы, Крым менен Ташкенттен «Мэкинтош» жана «Гольден Делишес» алма сорттору Ала-Тоого алынып келинген. Академик дүйнөлүк сапат менен жергиликтүү табияттын туруктуулугун айкалыштырып, 36 уникалдуу гибриддик форманы жаратты. Бул теңдешсиз эмгек ата мекендик илимди глобалдык деңгээлге көтөрүп, тарыхта «Кыргыз селекциялык мектеби» деген атты түбөлүккө калтырды.
1970-1990-жылдары кыргыз токой илими өзүнүн өнүгүүсүнүн туу чокусуна — накта «алтын дооруна» кадам таштады. Илимпоздор Ак-Теректин койнунда фундукту жаратылыш менен айкалыштырып, өзгөчө туруктуу, көп ярустуу назик жана акылдуу жашыл экосистеманы жаратышты.
Шамалдуу Долононун катаал климатында ата мекендик илимибиздин сыймыгы болгон «Кыргыз кышы» жана «Токтогул» сорттору ызгаарга каш кагып, өздөрүнүн абсолюттук чыдамкайлыгын дүйнөгө далилдешти. Бул берекелүү жылдары алманын 100дөн ашык мыкты сорту изилденип, Көлмөдө назик бадам менен экзотикалык унаби, ал эми Кара-Булак менен Умед-Булакта чыныгы мистенин баа жеткис генофонду түптөлдү.
Бул ийгиликтер Ала-Тоонун кучагынан ашып, трансулуттук деңгээлге көтөрүлдү. Кыргыз илимпоздорунун ачылыштарына суктанган АКШнын атактуу Калифорния университети жана Генетикалык ресурстардын эл аралык институту (IPGRI) сыяктуу глобалдык гиганттар Ала-Тоого келип, түз өнөктөштүк алтын көпүрөлөрүн орнотушту.
Токсонунчу жылдардын башында советтик система урап, каржылоо токтогондо, Түштүк Кыргызстандын реликтүү токойлоруна чоң коркунуч туулду. Башаламандыкта баа жеткис асыл тукум бактардын географиялык координаттары менен санжыралык карталарынын бир бөлүгү жоголуп кетти. Бирок окумуштуулардын өжөрлүгү менен куткаруу керемети жасалды: 1993-жылы чачыранды базалар бирдиктүү Биосфера институтуна бириктирилди. Кийин ал Жаңгакчылык институту, 2018-жылы Жалал-Абад илимий борбору, ал эми бүгүнкү жаңы доордо (2026-ж.) КР Президентине караштуу КР УИАнын Жаңгакчылык жана токой экосистемалары институту деп аталды. Бул статус — улуу эмгектин мамлекеттик эң жогорку таанылышы.
Бүгүн институт кургак формулалар менен чектелбейт. Алты адистештирилген илимий талаа лабораториясы: Ак-Терек, Курмайдан, Долоно, Жародар, Кара-Булак, Көлмө таяныч пункттарында жана Дендропаркта — түз эле табигат кучагында илим изилдейт. Бул илимий таяныч пункттарында токойду калыбына келтирүү, инновациялык селекция, санариптештирүү (IT) жана жашыл энергия багыттары ийгиликтүү жүрүүдө.
Кыргыз илимпоздорунун оор жылдарда улуттук гендик фондду суукта, талаа шарттарында жан аябай сактап калганы — чыныгы эрдик болгон. Бүгүнкү күндө бул баалуу архивдик мурас заманбап ДНК лабораторияларында биоинформатикалык карталардын негизин түзүүдө. Молекулярдык маркерлөө технологиясынын жардамы менен жоголуу коркунучунда турган «алтын фонд» кайрадан жанданууда.
Бул улуттук эмгекти калыбына келтирүү эгемен өлкөбүздүн экологиялык туруктуулугу менен биологиялык коопсуздугунун башкы кепилдиги болуп саналат. Өткөндүн катаал сыноолорунан аман өткөн ата мекендик илимдин жашыл тамыры мындан ары да бекем сакталат.
Бакытбек Шамшиев, ОшТУнун “Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо” билим программасынын жетекчиси

Сүрөттөр