Меню

A A
КАГЫЛЫШУУ – МАДАНИЯТТАР ЖАНА ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР ДИАЛОГУНА ТҮРТӨТ

КАГЫЛЫШУУ – МАДАНИЯТТАР ЖАНА ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР ДИАЛОГУНА ТҮРТӨТ

Заманбап дүйнөдө глобалдык чыңалуу, күн тартибинин татаалдашы жана мамлекеттердин ички туруктуулугуна болгон коркунучтар коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелерин улуттук жана эл аралык деңгээлде өзгөчө маанилүү кылып жатат. Улуттар аралык, социалдык-саясий, экологиялык жана маалыматтык чөйрөлөрдөгү ар кандай жаңжалдар жана келишпестиктер комплекстүү, аналитикалык жана көп тармактуу илимий ыкмаларды талап кылган олуттуу чакырыктарга айланууда.
Ушул максатта УИАнын академик А.Алтымышбаев атындагы Философия институту жана «Маданияттар жана цивилизациялар диалогу» коомдук бирикмеси тарабынан БУУнун 80 жылдыгына арналган «Кагылышуудан – маданияттар жана цивилизациялар диалогуна: коопсуздук жана туруктуу өнүгүү маселелери» аттуу илимий-практикалык конференция өткөрөт.
Иш-чара 2025-жылдын 28-ноябрында Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйналыш залында өтөт.
Кызыккандар келип катышса болот