Меню
КАДЫРЛУУ КАРЫЛАРЫМ
1-октябрь эл аралык карылар күнү. Бул күнү ата-энелерди, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон улуу муундагы адамдарды сыйлай турган күн. КР Улуттук илимдер академиясынын Профсоюз комитети дагы бүткүл өмүрүн билимге, илим тармагына арнаган эжей-агайларды майрамы менен куттуктап, чай үстүндө ар биринин жасаган эмгеги үчүн Ыраазычылык каттарды тапшырды.