Меню

A A
ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН КООМДОГУ ОРДУ КАНЧАЛЫК?

ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН КООМДОГУ ОРДУ КАНЧАЛЫК?

Бүгүн 10-мартта академияда “Жаңы Кыргызстанды жаратуудагы илимдин ролу” аттуу илимий форум болуп өттү.
Баштапкы сөздү УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов сүйлөп, Улуттук докладдын айрым учурларына токтолду. Андан кийин жасалма интеллект боюнча оюн ортого салды. “Жасалма интеллекттин бир дагы платформасы Кыргызстанда жасалган эмес экен. Европадан, Америкадан келген аң-сезим акырындан мээбизге киргизилип жатат. Биз аны бүгүн сезген деле жокпуз. “Биз кыргызбыз, биздин салтыбыз мындай” деп өз ара кыргыз тилинде сүйлөшүп койгонубуз менен көчөлөргө чыкканда башка философияны, башка көз караштарды сиңирип жатабыз. Биздин максатыбыз – Президент С.Жапаров катыша турган алдыдагы чоң форумда проблемаларды көтөрүп, элге ачык ойлорубузду айтышыбыз керек”.
“Адамзат рухий өнүгүү менен алдыга жылат деп ишеним жасап келатсак, азыркы күндө адамзат бар болобу, жок болобу деген суроо пайда болду. Дүйнөнүн жарымы күйүп, цивилизациялар талкаланып жатат. Ушул кырдаалда, мындан кийин да уңгужол бизге таяныч болуп бере алабы деп кайра карап чыккандан кийин бул стратегиялык документибиз замандын абдан кыйчалыш кырдаалдарынан аман-эсен өткөрүп, сөзсүз жакшылыктарга алып бараарына ишендим. Анткени, биз муну кыргыздын тарыхый тажрыйбасына, акыл корутундуларына таянып иштегенбиз. Бул жерде чагылдырылган идеялар кылымдардын сыноосунан өткөндүгү үчүн бүгүн дагы, эртең дагы өзүнүн кызматын кыла берет”, - деди тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов.
“Жаңы Кыргызстандын негизин түзүүдөгү “Мен кыргызстандыкмын” идеясынын ролу” темасында академик Абылабек Асанканов, “Жаңы Кыргызстандагы интеллигенциянын коомдогу орду кандай?” темасында академик Абдылдажан Акматалиев, “Уңгужол – көз карандысыз экономикалык өсүштүн стратегиясы” темасында экономика илимдеринин доктору Джумабек Джаиловдор доклад окушту.
Иш-чара суроо-жооптор менен аяктады.

Сүрөттөр