Меню

A A
ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИКТИ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРДЫ ТААНУУ

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИКТИ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛАРДЫ ТААНУУ

2026-жылдын 24-февралында КР Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигинин “Инновациялык борборунда” техникалык илимдердин доктору, профессор, КР Улуттук Илимдер академиясынын (КР УИА) мүчө-корреспонденти, Эл аралык жана Улуттук инженердик академиялардын академиги, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, КР УИАнын Машина куруу, автоматика жана геомеханика институтунун “Синергетика жана динамикалык системалардын хаосу” лабораториясынын башчысы, Кыргызпатенттин негиздөөчүсү жана биринчи жетекчиси (1993-2007) Оморов Роман Оморович жана авторлоштору Роман Нурбек менен Роман Айлендин мамлекеттик тилдеги илимий монографиясынын бет ачары болуп өттү.
“Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды таануу” илимий монографиясын орус тилинен которгон жана редакциялаган Роман Оморов өзү болгон. Китеп монография 444 беттен турат. 2026-жылы жарыкка чыкты.
Конференцияга КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жана КР Улуттук илимдер академиясынын жетекчилери, академиктери, корреспондент- мүчөлөрү жана кызматкерлери, ЖОЖдордун жана илимий институттардын окумуштуулары, техникалык жана юридикалык илимдер, интеллектуалдык менчик укуктары (патент жана автордук укук) жаатындагы окумуштуулар жана адистер катышты.