Меню

A A
ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК БОРБОР ИЛИМГЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ

ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК БОРБОР ИЛИМГЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ

Айтканыбыздай эле КР Президентине караштуу Улутутук илимдер академиясына Эл аралык илимий-техникалык борбор көчүп кирип, бүгүн кабинетинин ачылышын жасады. “Бул фонд көп мамлекеттерде ийгиликтүү иштеп келатат. Эл аралык илимий-техникалык борбордун ишине биз дагы ургалдуу катышып калабыз деп ишенем. Биздин кошуналык ишмердүүлүгүбүз жакшы жагына өсүп, көп иштер алдыга жүрөт деп ишенем”, - деди КР Президентине караштуу Улутутук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов.
Кичи залда Улутутук илимдер академиясынын академиктери, институттун директорлору, илимпоздор менен борбордун кызматкерлеринин жолугушуусу болуп, эл аралык илимий-техникалык борбордун ишмердүүлүгү жөнүндө ролик көрсөтүлдү.
Эл аралык илимий-техникалык борбордун директору Карина Ангелиева (ЭИТБ, МНТЦ) буларды айтты: “Мен бул жерди өзүмдүн үйүмдөй сезе баштадым. Мен дагы кичинекей өлкөдөн болом, бирок университетти Европада окугам. Мени менен окугандардын көбү жеке ишкердикке кетишип, илимге эч байланышы жок калышты. Мен болсо өз жашоомду илимпоздорду колдоо багытына бурдум. Мындан ары илимге жардам берүү максатында сиздер менен тыгыз иштешебиз деп ишенем. Саясатчылар, окуучулар, дүйнө өзү илимге муктаж. Азыр бардык жерде жасалма интеллекет. Илимсиз дүйнөнүн коопсуздугун сактай албайбыз. Биз эми Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте жаңы бийиктиктерди багындырабыз деп ойлойм”.

Сүрөттөр