Меню

A A
ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРДӨ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН ЖАРДАМЫ КАНЧАЛЫК?

ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРДӨ ЖАСАЛМА ИНТЕЛЛЕКТТИН ЖАРДАМЫ КАНЧАЛЫК?

Бүгүн 12-октябрда, Улуттук илимдер академиясында аспиранттар, докторанттар, илимий кызматкерлер, окутуучулар жана ар түрдүү илимий багыттагы изилдөөчүлөр катышкан семинар болуп өттү.
Илим изилдөө жолуна түшкөн жаштарга көптөн бери Кыргызстанда жашап жүргөн түрк улутундагы окумуштуу Фуат Кочигит «Классикалык парадигмалардан тышкары: илимий изилдөөлөрдө жасалма интеллекттин негизинде маалыматтарды проактивдүү жана холистикалык талдоо» темасында лекция окуду. Ал өзүнүн тажрыйбаларынан бөлүшүп, жасалма интеллект, машиналык окутуу жана илимий изилдөөлөрдө маалыматтарды заманбап талдоо ыкмалары боюнча өз ойлорун ортого салды.
Ал семинардын жүрүшүндө салттуу статистикалык ыкмалардын мүмкүнчүлүктөрү чектелип баратканын, программисттер жасай турган татаал формулаларды жасалма интеллекттен деле тез арада алса болоорун мисалдар менен түшүндүрүп берди.
Аягында Фуат мырза жаштардын суроолоруна жооп берип, пикир алышты.
Анын буга чейин кыргыз медицинасы боюнча илимий үч макаласы дүйнөлүк журналдарга скопус талабы менен жарыяланган, азыр төртүнчүсү чыгуунун алдында.
Баса, түрк изилдөөчүсү бекер эле өз билими менен кызыккандарга жардам берээрин билдирди.

Сүрөттөр