Меню

A A
ИЛИМДИН ПАДЫШАСЫ — АКЫЛ

ИЛИМДИН ПАДЫШАСЫ — АКЫЛ

10-ноябрь - илим күнү. Бул даталуу күнгө карата КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында 11-ноябрь күнү “Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодогу илимдин ролу” эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Аны Улуттук илимдер академиясы менен КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги биргеликте өткөрөт. Ошол учурда илимий ийгиликтердин көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп, өзүнүн жетишкендиктерин:
Ж.Баласагын атындагы улуттук университет,
И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университет,
И.Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медицина университети,
К.Скрябин атындагы кыргыз мамлекеттик айыл-чарба университети,
Б.Ельцин атындагы кыргыз-славян университети көрсөтөт.

Иш-чарага чет өлкөлүк элчилер, министрлер, илимпоздор катышат.