Меню

A A
ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН АШКАНАСЫ АЧЫЛДЫ

ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНЫН АШКАНАСЫ АЧЫЛДЫ

Жаңыланган Улуттук илимдер академиясы күндөн-күнгө жакшы жаңылыктарга байып баратат. Өткөн жумада жаңы мыйзам күчүнө кирсе, бүгүн жаңы ашкана ишке киришти. Кыргыздын элиталары тамактана турган жайдын ичи таза, туура тамактануу эрежелерин кармаган ашкана болмокчу. Анүчүн эң кымбат жана өз ишин мыкты билген ашпозчулар тартылган. Орус улутундагы ашпозчу Европа тамактарын жасаса, өзбек улутундагы ашпозчу Чыгыш тамактарын, кыргыз улутундагы ашпозчу бардык салаттарын, кыргыз тамактарын жасоону колго алышууда.
Бүгүнтөн баштап иштей баштаган Илимдер академиясынын сонун ашканасына сиз дагы келиңиз. Баалары чөнтөккө ылайыктуу, жасаган тамактары кафедегидей даамдуу. Ичи салкын, эмеректери жаңы. Келген да, келбеген да арманда.
Дареги: Чүй, 265а, Улуттук илимдер академиясы.
Атайын эле көргөну келип, чай ичип кетиңиз

Сүрөттөр