Меню
ИЛИМ ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРӨТ
Кыргызстанда Министрлер Кабинетинин төрагасынын алдында илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча Кеңештин жыйыны болуп өттү. Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев илим менен инновациялардын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү, технологиялык эгемендүүлүк жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуудагы маанисин белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө илим тармагынын учурдагы абалы, көйгөйлөрү жана өнүгүү келечеги тууралуу баяндамалар угулду. Өзгөчө көңүл Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын ишмердүүлүгүнүн нормативдик-укуктук базасын өркүндөтүүгө, геология илимине мамлекеттик колдоону күчөтүү маселелерине бурулду.
Жыйындын жыйынтыгында Кеңеш бир катар чечимдерди кабыл алды. Анда илимди жана геологиялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экендиги белгиленди.