Меню

A A
ИЛИМ МЕНЕН БИЛИМГЕ КӨПҮРӨ — ТИЛ, КӨКӨЛӨТКӨН АДАМДЫ ТИЛИ ДЕП БИЛ

ИЛИМ МЕНЕН БИЛИМГЕ КӨПҮРӨ — ТИЛ, КӨКӨЛӨТКӨН АДАМДЫ ТИЛИ ДЕП БИЛ

22-сентябрда КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында Мамлекеттик тил күнүнө арналган «Илим – мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өбөлгө» аттуу тегерек кереге-кеңеш өтөт.
Иш-чараны Улуттук илимдер академиясынын Профсоюз комитети жана Б.Юнусалиев атындагы Тил илими институту биргеликте уюштурууда.
Иш-чаранын максаты:
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Улуттук программаны ишке ашырууда илимий чөйрөнүн салымын арттыруу жана бардык илим тармактарында мамлекеттик тилдин колдонулушун кеңейтүү.
Кереге-кеңеште мамлекеттик тилдин мыйзам чыгарууда, илимде, билим берүүдө, жасалма интеллектте, энчилүү аттардын жазылышында жана мамлекеттик мекемелердеги колдонулушу боюнча маселелер илимий жана практикалык өңүттө талкууланат.
Иш-чарага белгилүү окумуштуулар жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышып, мамлекеттик тилдин коомдук турмуштагы ордун чыңдоо боюнча сунуштарын ортого салышат.
Катышуучулар:
КР Жогорку Кеңешинин депутаты Талиева К.А.
Филология илимдеринин доктору Осмоналиев К.
Медицина илимдеринин доктору, корреспондент-мүчө Усупбаев А.Ч.
Айыл чарба илимдери боюнча проректор, пед.и.д. Ботоканова С.Т.
КР Улуттук китепканасынын илимий иштер боюнча директордун орун басары Кырчообаева С.А.
Жасалма интеллект боюнча чечимдерди киргизүү башкармалыгынын жетекчиси Жумашев М.Н.
КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин бөлүм башчысы Исалиева В. А.
Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Осмонова Г. Я.
Өткөрүлүүчү күнү: 2025-жыл, 22-сентябрь
Орду: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, 2-кабат, кичи жыйын залы
Башталышы: 14:00
Байланыш телефону: 0552 61 42 06
Урматтуу кесиптештер жана кызыктар тараптар!
Сизди аталган иш-чарага кадырлуу конок катары катышууга чакырабыз. Сиздин катышууңуз иш-чаранын мазмунун байытып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытындагы ойлорго жана сунуштарга олуттуу салым кошот деп ишенебиз.
Кош келиңиз!