Меню

A A
ИЛИМ – ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН КУТТУКТАЙМ!

ИЛИМ – ИЙГИЛИККЕ ЖЕТЕЛЕЙТ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН КУТТУКТАЙМ!

Ардактуу академиктер, илимдин докторлору, кандидаттары!
Урматтуу өз жашоосун билимге, илимге арнаган илимпоздор, кесиптештер!
Сиздерди бүгүнкү 10-ноябрь илим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Дүйнө жүзүндө жыл сайын 10-ноябрда коомчулуктун аң-сезимин жогорулатуу максатында Бүткүл дүйнөлүк илим күнү белгиленет. Майрамдын расмий жана толук аталышы - Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнү (World Science Day for Peace and Development). Бул күн коомчулуккка пайда алып келүү үчүн илимге жоопкерчиликтүү мамиле кылууну максат кылат.
Кыргыз Республикасында 10-ноябрды илим күнү деп белгилөө токтому 2002-жылы 14-январда Өкмөт тарабынан кабыл алынган. Ошондон бери расмий түрдө бул күн биздин майрам катары белгиленет.
КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы акыркы бир жылдан бери катуу өзгөрүүгө дуушар болду. Президентибиз Садыр Нургожоевичтин түз көңүл буруусу менен имаратыбыз жаңыланды, айлыктар көтөрүлдү. Жаңы мыйзам, уставдар кабыл алынды. Жаңы багыттарга кадам таштадык.
Союз учурунда атак-даңкы алыска чыккан илимдер академиясынын кайрадан кадыр-баркы көтөрүлүп, өлкөнүн экономикалык, социалдык, маданий курулуштарына өзүнүн салымын кошот деп толук ишенем. Ачылыштарды жасап, дүйнөлүк патент алган академиктерибиз азыр да арабызда бар. Уучу куру эмес илим жолунда мындан ары да жаш илимпоздор өздөрүнүн илимий ийгиликтерин жасайт деп терең ишенем. Анүчүн талыкпаган эмгек, билим, чыгармачылык жигер, иштөөсүнө жакшы шарт керек.
Баарыңыздарды бүгүнкү илим күнү майрамыңыздар менен куттуктап, чексиз жакшылыктарды каалайм!