Меню

A A
ИЛИМ АНАЛИЗДИ, ТАЖРЫЙБАНЫ ТАЛАП КЫЛАТ. АЛ КОММЕРЦИЯ ЭМЕС

ИЛИМ АНАЛИЗДИ, ТАЖРЫЙБАНЫ ТАЛАП КЫЛАТ. АЛ КОММЕРЦИЯ ЭМЕС

Бүгүн, 11-ноябрда илим күнүнө карата КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясында КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте “Билим берүү менен өндүрүштү интеграциялоодогу илимдин ролу” эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Бул чоң иш-чарага академиктер, Жогорку окуу жайлардын окутуучулук-профессордук курамы студенттери менен, УИАнын илим институттарынын кызматкерлери, дегеле жалпы билимге, илимге кайдыгер карабаган илимпоздор, илимий кызматкерлер келишти. Академиянын кире беришинде университеттердин, илим институттарынын жасаган иштери, жасап чыккан буюмдары, өстүргөн үрөндөрү, дегеле улам алдыга өсүп бараткан ойлоп табууларын, жаңылыктарын көрсөткөн көргөзмө-жарманке болууда.
Конференцияда билим, илим жаатында сөздөр козголду. КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бахтияр Орозов, академик Миталип Мамытов, ТүркСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, УИАнын математика институтунун директору, академик Алтай Бөрүбаевдер сөз сүйлөштү.
“10-ноябрь дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө илим күнү белгиленет. Биздин бактыбызга азыркы Президентибиз Садыр Нургожоевич көп көңүл буруп, айлыгыбызды көтөрдү, имаратыбызды жаңылады, кошумча 300 млн акча каражатын бөлүп берди. Илимге акча бөлүнгөнү менен ага убакыт керек, дароо эч нерсе болуп кетпейт. Бизде 6 долбоор башталып жатат. Негизгиси – сейсмология институтуна 30 млн сом бөлүнгөн, ага жаңы сейсмикалык райондоштуруу картасын түзүп жатабыз, кыргыз тилди өнүктүрүү багытында Тил институту ишке кирди, кыргыз тарыхын изилдөө үчүн археологдор көп жерлерде казуу иштерин жүргүзүүдө. Андан сырткары, ДНК лабораториясын түзөлү деп турабыз, анда жаныбарлардын анализдерин чыгарганга мүмкүнчүлүк болот. Алдыда дагы 44 долбоорубуз бар, аны ишке ашыруу ойлоону, анализди, тажрыйбаны талап кылат. Илим коммерция эмес, бүгүн берилген акчанын жыйынтыгы эртең эле чыга калбайт. Аны абдан изилдеп, жыйынтыктары, таасири кандай болоорун аныкташ керек. Бизде 21 илим институттары бар, алардын авангарддары химия, биотехнология институттары. Булардан чоң жыйынтык чыгат деп ойлойм. Кышкысын Бишкектеги түтүн чоң көйгөй жаратат, химия институту буга каршы иштерди изилдеп жатат, эки жылдан кийин ыштан кутулуп калышыбыз мүмкүн”, - деди УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов.

Сүрөттөр