Меню
ФРАНЦИЯДАН КОЛО МЕДАЛЬ
Кечээ, 18-февралда Улуттук илимдер академиясына Франциянын Кыргызстандагы туруктуу жана ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай келинчеги менен кубанычтуу кабар алып келди. Ал 2025-жылдын 1-декабрындагы Франция Куралдуу күчтөрүнүн биомедицинаны изилдөө институтунун директору, башкы инспектор Эрик Валаденин чыгарган чечими боюнча ветеринария илимдеринин доктору, профессор, академик, УИАнын Биотехнология институтунун директору Асанкадыр Жунушовго саламаттыкты сактоого кошкон салымы үчүн улуттук коргоонун коло медалын тапшырды.
Салтанаттуу иш-чарага УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов жана академиктер, окумуштуулар, Франция элчилигинин кызматкерлери катышты.
Биз академик Асанкадыр Жунушовду Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн “Саламаттыкты сактоо кызматы” коло медалын алышы менен чын жүрөктөн куттуктап, узун өмүр каалайбыз!