Меню
ЭНЕ ТИЛИН СҮЙБӨГӨН, ЭСИ ЖОГУН АНЫКТАЙТ
Бугүн, 23-сентябрь – мамлекеттик тил күнү. Бул майрамга байланыштуу кечээ УИАнын Б.Юнусалиев атындагы тил илими институту “Илим – мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өбөлгө” аттуу кереге кеңеш өткөрдү. Негизги максат – мамлекеттик тилдин илимде колдонулушун, азыркы кездеги көйгөйлөрүн сүйлөшүп, калпыстыктарды талкууланып, сунуштар берилди.
Иш-чарага КР Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Улуттук университеттин кафедра башчысы, физика-математика илимдеринин доктору Каныбек Осмоналиев, медицина илимдеринин доктору Акылбек Усупбаев, педагогика илимдеринин доктору Светлана Ботоканова жана көптөгөн тил изилдөөчүөр, адабиятчылар катышып, докладдарын окушту.
Кыргызстанда кыргыз болуп туулуп, чоңоюп, бирок өз эне тилинде сүйлөбөй, сүйлөгүсү келбей, жээрип жүргөндөр өтө көп. Биз сүйлөп гана тим болбостон улам эски сөздөрдү тирилтип, жаңы технологиялардын өсүшү менен жаңы терминдерди өзүбүзгө ылайык которуп, кыргыз тилин байытып отурушубуз керек. Мындай абалга жетиш үчүн ар бир эне ымыркайын кыргыз тилинде сүйлөп тарбиялашы керек. Бала бакчалар кыргыз тилинде иш жүргүзүшу кажет. Адегенде өз эне тилин сиңирип алса, кийин башка тилдерди үйрөнө берсе болот.