Меню

A A
ЭЛЕКТРОНДУК ТЕХНОЛОГИЯ КОРПОРАЦИЯСЫ КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР

ЭЛЕКТРОНДУК ТЕХНОЛОГИЯ КОРПОРАЦИЯСЫ КЫЗМАТТАШУУГА ДАЯР

Бүгүн, 22-октябрда СЕТС (Кытай электрондук технологиясы) корпорациясынын директору Вай Юйчи, инженери Ма Чжень Цязан жана котормочусу Хань Юнпин мырзалар КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов менен жолугушту.
“Азыр Кытайдын санарип технологиялары катуу өнүгүп баратат, бул процесске биз дагы катышкыбыз керек. Биз сиздердин корпорация менен кызматташуу үчүн меморандум түзүүгө даярбыз. Анүчүн сиздер берген сунуштарды илимий институттар окуп көрүп, кайсы багытта иштесек болоорун карап чыгуулары керек. Илимдер академиясынын алдында 21 илимий институт бар. Биз жакында эле Кытайдын Шаньси провинциясынын Сиань шаарындагы компания менен келишим түздүк, алар менен жаңы жылдан баштап конкреттүү тема боюнча иштеп баштайбыз. Бизде дагы Циндао университети менен чоң долбоорубуз бар. Ал университет бизге супер компьютер берүүнү пландап жатат. Ал жер титирөө боюнча маалыматтарды чогултат. Бизде жылына 12 миңдей жер титирөө болот. Биз Циндао университети менен жасалма интеллект аркылуу жер титирөөлөрдү изилдөө жана божомолдоо боюнча илимий иштерди жүргүзөбүз. Бизге керектүү багыттар боюнча сиздер менен да иштешүүгө даярбыз”, - деди Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов.
Кытайдан келген электроника технологиясы боюнча корпорациясынын өкүлдөрү президентке ыраазычылыктарын айтып, кызматташууга даяр экенин билдиришти.
Маалымат үчүн: СЕТС - Кытай корпорациясы КЭРдин Мамлекеттик мүлктү көзөмөлдөө жана башкаруу комитетине түз баш ийген, министрдин орун басары деңгээлиндеги борбордук мекеме. Ал Кытайдын Маалыматтык индустрия министрлигине мурда баш ийген электрондук изилдөө институттарынын жана жогорку технология ишканаларынын негизинде түзүлгөн. СЕТС — Кытай өкмөтү тарабынан түз башкарылган маанилүү мамлекеттик жана алдыңкы ишкана болуп эсептелет. Андан сырткары, Кытай мамлекеттик кеңеши тарабынан ыйгарым укуктуу инвестициялык мекеме жана аскердик өнөр жайдагы эң ири 11 корпорациянын бири.
Корпорациянын негизги ишмердүүлүгү — мамлекеттик маанидеги ири электрондук маалымат системаларын долбоорлоо жана куруу, маанилүү жабдууларды, байланыш, электрондук техникаларды, программалык камсыздоону жана негизги компоненттерди иштеп чыгуу, өндүрүү болуп эсептелет.

Сүрөттөр