Меню

A A
ЭЛАЗЫГ ШААРЫ ЭЛГЕ РУХАНИЙ АЗЫК БЕРЕТ

ЭЛАЗЫГ ШААРЫ ЭЛГЕ РУХАНИЙ АЗЫК БЕРЕТ

Бүгүн КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Адабият институтуна Түркиянын Элазыг шаарынан “Манас үйү” басмаканасынын директору Шемир Булут, Элазыг шаарынын Фурат университетинин окутуучулары, филология илимдеринин докторлору, профессорлору келишти. Ч.Айтматов атындагы Адабият институту 2007-жылдан бери бул басмакана менен тыгыз кызматташып, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган бир канча иш-чараларды биргеликте уюштуруп келишет.
Басмакана менен 3 жыл мурда Сагынбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосун түрк тилинде жарыкка чыгаруу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргөн. Ошонун негизинде бүгүн келген түрк досторубуз 3 томдук “Манас” эпосу жана Алыкул Осмоновдун чыгармаларын Элазыг шаарында түрк тилине которуп, китепти жарыкка чыгарып ала келишкен.
“Манас үйү” басмаканасы түрк элдеринин орток адабий мурастарына өзгөчө көңүл бөлүп, түрк дүйнөсүн жайылтууда. Алар Азербайжандын Низами, Өзбекстандын Алишер Навои, Казакстандын Аль-Фараби, Ахмет Яссави сыяктуу түрк дүйнөсүнө белгилүү руханий мурастарын түрк тилине которуп, түрк тилдүү элдердин ынтымагын арттырып келаткандыгы менен өзгөчө мактоого татырлык.
Меймандар менен алдыда Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата биргелешип иштеше турган долбоорлор жөнүндө да сүйлөшүүлөр жүрдү.

Сүрөттөр