Меню
“ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ” — ИДЕЯДАН ИШКЕ!
Кыргызстанда стратегиялык маанидеги «ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ» көп тармактуу мега-долбоору 2026-жылдын апрель айында старт алып, ушул жылдын декабрь айында жыйынтыкталат.
Бул боюнча кечээ, 25-майда Улуттук илимдер академиясында өткөн иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору Шумкарбек Адилбек уулу, институттун Социалдык бөлүмүнүн башкы эксперти Кадырали Кошалиевдер билдиришти.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту (СДУИ) өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган эң мыкты идеяларды жана долбоорлорду тандап алуучу «ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ» аянтчасынын ишке киргендигин жарыялады. Учурда мамлекеттик органдардын, илимий-чыгармачылык чөйрөнүн жана коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган Уюштуруу комитети иштеп жатат.
«ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ» — мамлекеттин гүлдөп-өнүгүшү үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бардык тармактардагы иштиктүү сунуштарды жана долбоорлорду кароо-сынак аркылуу иргеп алуучу уникалдуу платформа. Долбоордун негизги философиясы — адам ресурсун, алдыңкы идеяларды жана финансылык каражаттарды туура айкалыштыруу аркылуу ийгиликке жетүү.
Долбоордун негизги милдеттери:
• Мамлекеттик, жеке жана коомдук сектордун мүмкүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн өлкөнүн өнүгүүсүнө багыттоо;
• Тандалып алынган келечектүү долбоорлорду андан ары турмушка ашырууга көмөк көрсөтүү;
• Максаттуу аракеттер аркылуу улуттук биримдикти камсыздоого салым кошуу.
“ЭКСПО-ДЕМИЛГЕ” кароо-сынагы төрт этап менен жылына бир жолу уюштурулат. Быйылкы 2026-жылдын иш-чарасы апрель айында башталып, декабрь айында жыйынтыкталат.
Демилгелерди жана долбоорлорду каттоо Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун расмий сайты https://nisi.gov.kg . аркылуу жүргүзүлөт. Тийиштүү маалыматтарды аталган сайттан алсаңыздар болот.
Баардык кызыкдар тараптарды өлкө келечеги үчүн өз салымдарын кошууга чакырабыз!