Меню

A A
ЭИТБ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА КӨЧӨТ

ЭИТБ УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫНА КӨЧӨТ

2025-жылдын 22-сентябрында Кыргыз окумуштуулары үчүн илимий изилдөөлөрдү каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык илимий-техникалык борборунун (МНТЦ) өкүлчүлүк кеңсесин Улуттук илимдер академиясынын (УИА) башкы имаратына көчүрүү тууралуу Протоколго кол коюлду.
ЭИТБ кеңсесинин УИАга көчүүсүнө карата уюштурулган тегерек столго ЭИТБнын жаңы аткаруучу директору Карина Ангелиева айым, каржы директору Сона Векштейн айым, УИАнын институт директорлору жана илимий кызматкерлери, УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов мырза катышты.
Эл аралык илимий-техникалык борбор (ЭИТБ) — Армения, Грузия, Европа Биримдиги, Казакстан, Кыргызстан, Норвегия, АКШ, Тажикстан, Түштүк Корея жана Япония сыяктуу 10 мамлекеттин өкмөттөрү колдогон көп тараптуу уюм. Толук маалыматты www.istc.int сайтынан алууга болот.
Кыргыз Республикасы ЭИТБны түзүү тууралуу макулдашууга 1995-жылы кошулган. Ал эми ЭИТБнын ишмердүүлүгүн улантуу боюнча макулдашуу Кыргыз Республикасынын №198 Мыйзамы менен 2016-жылдын 14-декабрында ратификацияланган.
ЭИТБ — Кыргыз Республикасындагы илимди эл аралык деңгээлде каржылоонун негизги булагы болуп саналат. Борбордун активдүү ишмердүүлүгүнүн алкагында кыргыз окумуштуулары 300дөн ашык долбоордук сунуштарды даярдап, алардын ичинен 110дон ашыгы каржыланып, жалпысынан 30 миллион АКШ долларына жакын каражат тартылган.
ЭИТБнын УИАга көчүүсү борбор менен илимий уюмдардын жана жогорку окуу жайлардын ортосундагы координацияны жакшыртууга багытталган. Жаңы жайгашуу окумуштууларга долбоор даярдоо боюнча кеңештерге тез жетүүгө, гранттык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат алмашууну ылдамдатууга жана арыз берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө шарт түзөт.
Алдыдагы айларда ЭИТБ жаш окумуштуулар үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү долбоордук сунуштарды даярдоо боюнча окутуу семинарларын өткөрүүнү жана эл аралык өнөктөштөр менен жолугушууларды уюштурууну пландап жатат.