Меню

A A
ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮҢҮЗДӨР МЕНЕН!

Урматтуу кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын жана жалпы илим изилдөөчүлөрдүн атынан өлкөбүздүн башкы майрамы – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 34 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Улуттук илимдер академиясы КР Президенти Садыр Жапаровдун чоң колдоосу менен жаңыланууга багыт алды. Имараттарыбыздын ичи-сырты ремонттолду, айлыктар көтөрүлдү, жаңы мыйзамыбыз кабыл алынды. Ички түзүмдөрүбүз өзгөрүүдө, жаңы кадамдарга жол салуудабыз. Көптөгөн долбоорлор ишке ашууда. Чет өлкөдөгү Илимдер академиялары менен кызматташуу келишимдерине кол коюп, алакабыз кеңейип баратат.
Кыргызстан азыр өнүгүүнүн үстүндө. Дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда болуп, өз абороюн көтөрүүдө. Көп улуттуу Кыргызстаныбызда тынчтык, ынтымак болсун. Кирип келген Эгемендүүлүк күнү менен кыргызстандыктарды чын жүрөктөн куттуктайм!
Ар бир үйдө күлкү, ынтымак, бакубат жашоо болсун!
Канатбек Абдрахматов, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, УИАнын мүчө-корреспонденти