Меню
ДҮЙШӨ КУДАЯРОВГО «ЭМГЕК БААТЫРЫ» ДАРАЖАСЫ ЫЙГАРЫЛДЫ
Кыргыз Республикасынын Президентинин УП № 320 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык педиатрия менен неонатология курсу кафедрасынын башчысы, КРП КР УИАнын академиги Дүйшө Кудаярович Кудаяровго «Эмгек Баатыры» Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы ыйгарылды.
Биз Дуйше Кудаяровичти жогорку сыйлыгы менен чын жүрөктөн куттуктайбыз. Мындай мамлекеттик деңгээлде таанылуу Сиздин көп жылдык эмгегиңиздин, жогорку кесипкөйлүгүңүздүн, атамекендик илимдин өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымыңыздын жана өз ишине берилгендигиңиздин татыктуу баасы.
Сизге бекем ден соолук, бакубат жашоо, түгөнгүс күч-кубат, жаңы илимий жетишкендиктерди жана ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!
КРП КР УИАнын химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл чарба илимдери бөлүмү