Меню

ДҮЙНӨЛҮК "РУХ САНАТ" ФЕСТИВАЛЫ АЯКТАП, СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
3-августта "Рух Ордо" маданий борборунда Дүйнөлүк "Рух санат" салттуу маданият жана музыка фестивалынын салтанаттуу жабылышы болуп өттү. Фестивалдын финалдык күнү Чолпон-Ата шаарынын конокторуна жана тургундарына эстен кеткис шаң тартуулады.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарованын катышты. Жабылыш аземи эки бөлүктөн турду. Биринчиси – салттуу музыканы аткаруучулардын эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо, ага 14 өлкөдөн 82 аткаруучу жана музыкалык топ катышты. Эл аралык калыстар тобу 1-, 2- жана 3-орундарды ээлеген катышуучуларга дипломдорду жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.
Салтанаттын экинчи бөлүгү "Аалам ыры" театрлаштырылган прологу — үн, аваз жана обон адамзат жаралганга чейин эле бар экенин философиялык чагылдыруу менен башталды. Бул табигый белектер элдик аспаптарда камтылган, байыркы ырларда, дастандарда жана эпостордо жаңырып, адамдын жаратылыш менен болгон терең байланышын эске салат.
Кеченин соңунда " Рух санат "фестивалынын 500 000 сом өлчөмүндөгү баш байгени тапшыруу аземи болду. Баш байгени КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун колунан кыргызстандык "Акак" комузчулар тобу алды. Ал куттуктоо сөзүндө фестивалдын маанисин баса белгиледи: "Рух санат" фестивалы – элдин рухун жана искусствонун күчүн чагылдырган аянтча. Фестивалдын урааны – "Келечекке мурас!" – ата-бабалардын салттарын жаңы муундарга өткөрүп берүүнүн мааниси. Кыргызстан бул мурасты сактоого татыктуу: "Манас" эпосу, элдик обондор, ырлар, кол өнөрчүлүк – бул байлыктын баары муундан муунга өтүп келген”.
Э.Байсалов бардык байгелүү орундарды алгандарды чын жүрөктөн куттуктап, калыстар тобуна жогорку кесипкөйлүгү жана объективдүүлүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Соңунда ал Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу менен кийинки дүйнөлүк "Рух санат" фестивалы Жалал-Абад облусунда өтө турганын салтанаттуу түрдө жарыялады. Андан кийин фестивалдын символу болгон муундардын байланышын билдирген жыгач комузду тапшыруу аземи болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов эстафетаны Ысык-Көл облусунан Жалал-Абад облусуна, тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевге өткөрүп берди.
Майрамдык кече эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү жана фестивалдын мыкты жамааттары катышкан гала-концерт менен аяктады.
Жыйынтыктоочу концерт көптөгөн көрүүчүлөрдү – жандуу аянтчада да, телеэкрандарда да чогултту. Алардын көңүлү, кызыгуусу жана колдоосу бардык артисттер жана уюштуруучулар үчүн мыкты сыйлык болду.