Меню
ДҮЙНӨЛҮК ФОРУМ ЖАҢЫЧЫЛДАРДЫ БИРИКТИРДИ
2026-жылдын 22-февралында Варшава шаарында (Польша) Дүйнөлүк Лидерлик форум болуп өттү. Ага КР УИАсынын Химия институтунун Өсүмдүк ресурстары жана фитотехнологиялар лабораториясынын улук илимий кызматкери, биология илимдеринин кандидаты Айдана Биймырсаева катышты. Бул иш-чараны Nexus Коомдук Саясат институту уюштурган.
Эл аралык форум дүйнөнүн ар тарабынан келген лидерлерди, саясатчыларды, уюмдардын жетекчилерин, илимпоздорду жана жаңычылдарды бириктирип, идея алмашууга, глобалдык көйгөйлөрдү талкуулоого жана тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө натыйжалуу лидерлик менен туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн стратегиялык чечимдерди издөөгө багытталган.
А.К.Биймырсаева форумда Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу Өнүгүү Максаттарынын бири — SDG 2: «Ачарчылыкка чек коюу» темасында баяндама жасап, тамак-аш коопсуздугун камсыз кылууда илимий изилдөөлөрдүн жана инновациялык ыкмалардын маанисин баса белгиледи. Форумдан кийин ага катышкандыгы үчүн эл аралык сертификат тапшырылды.