Меню

A A
«ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА ЮНЕСКО: ДҮЙНӨНҮ БИРИКТИРГЕН ЖАЛПЫ МУРАС»

«ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ЖАНА ЮНЕСКО: ДҮЙНӨНҮ БИРИКТИРГЕН ЖАЛПЫ МУРАС»

2025-жылдын 19-сентябрында Париждеги ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында «Чыңгыз Айтматов жана ЮНЕСКО: дүйнөнү бириктирген жалпы мурас» эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференцияны ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын Туруктуу өкүлчүлүгү, Кыргызстандын Франциядагы ыйгарым укуктуу элчиси Садык Шер-Нияз, ТҮРКСОЙ уюму, Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институту уюштурду.
Конференцияда Азербайжан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Туркменстан, Түркия, Өзбекстан өлкөлөрүнүн ЮНЕСКОдогу өкүлдөрү, ТҮРКСОЙдун башкы өкүлү С.Раев, академик О.Ибраимов жана коомдук ишмер К.Иманалиев, жазуучунун уулу Элдар Айтматов, Париждеги кыргыз диаспорасынын жетекчиси Е.Султаналиева Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы, ойчулдугу жана гуманисттик идеялары жөнүндө сөз сүйлөштү.
Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институтунун улук илимий кызматкери, Коомдук илимдер бөлүмүнүн илимий катчысы Роза Конурбаева улуу жазуучу Ч.Айтматовдун мурасын чет өлкөлөрдө жайылтуу максатында институттун окумуштуулары тарабынан даярдалган жазуучу жөнүндө бир катар басылмаларды Франциядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигине белекке тапшырды. Ал «Эне тил жана Чыңгыз Айтматов ЮНЕСКОнун тил саясатынын контекстинде» темасында доклад жасады. Докладда эне тилди сактоо маселеси Айтматовдун философиясы жана ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгү аркылуу чагылдырылышы, адабий образдар аркылуу тилдин жоголушу талданган.

Сүрөттөр