Меню

A A
ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ – ЧЫНЫГЫ ААЛЫМ

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ – ЧЫНЫГЫ ААЛЫМ

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Адабият институту тарабынан улуу жазуучу, ойчул жана дипломат Чыңгыз Айтматовду эскерүүгө арналган «Ысык-Көл форумунун жаңырыгы: XXI кылым жана Аалам проблемасы» аттуу иш-чара өткөрүлөт.
Иш-чаранын алкагында төмөнкү басылмалардын бет ачары болот:
• «Ысык-Көл форуму: глобалдык тынчтык жолунда (1986–2026)» аттуу жыйнак. Китепке 1986-жылдан тартып өткөрүлгөн Ысык-Көл форумдарынын материалдары, баяндамалары жана архивдик маалыматтары топтоштурулган;
• «Айтматов дүйнө айдыңында» аттуу китептер сериясы (6 китеп). Бул серияга түрк, француз, немис, англис, корей жана кытай тилдеринде жарыяланган Айтматов таануу боюнча илимий изилдөөлөрдүн кыргыз жана орус тилдерине которулган үлгүлөрү киргизилген;
• Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун баш сөзү менен кайрадан басылып чыккан Чыңгыз Айтматовдун орус тилиндеги 12 томдук чыгармалар жыйнагы. Басылма Ысык-Көл форумуна катышуучу чет өлкөлүк меймандар үчүн атайын даярдалган.

Иш-чаранын негизги максаты – Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы аркылуу глобалдык тынчтык идеяларын, маданияттар аралык диалогду, руханий баалуулуктарды жана адамзаттын биримдигин даңазалоо.
Академик Абдылдажан Акматалиевдин жетекчилиги менен даярдалган аталган басылмалар улуу жазуучунун 100 жылдык мааракесине даярдык көрүүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат. 1986-жылы негизделген Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгын утурлай анын дүйнөлүк интеллектуалдык жана маданий диалогду өнүктүрүүдөгү тарыхый ролу өзгөчө белгиленет.
Бет ачарга КР Мамлекеттик катчысы А.К. Койчиев, КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары У.Э.Маматканов, КР Илим, жогорку билим жана инновациялар министри Г.Т.Исаматова, КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри М.К.Мамбеталиев, Америка Кошмо штаттары, Германия, Кытай, Түркия, Түштүк Корея, Улуу Британия, Франция элчиликтеринен өкүлдөрдүн катышуусу күтүлүүдө.
Уюштуруучулар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, илимий коомчулукту, чыгармачыл интеллигенцияны жана жалпы коомчулукту иш-чарага катышууга чакырат.

Өткөрүлүүчү күнү: 10-июнь 2026-жыл
Убактысы: саат 14:00.
Өтчү жери: КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы, 2-кабаттагы жыйындар залы.
Байланыш үчүн: (+996 708 283 594)