Меню

A A
ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЭКОЛОГДОРДУН ЖАЙКЫ МЕКТЕБИ

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЭКОЛОГДОРДУН ЖАЙКЫ МЕКТЕБИ

5-августтан бери Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Борбор Азия өлкөлөрүнүн метеорология, гидрология, гляциология жана экология тармагындагы жаш адистерине арналган «Билим берүү жана маалымат алмашуу» аттуу Эл аралык Жайкы мектеп-2025 ишин улантууда. Бул иш-чара ЮНЕСКОнун «CRYOSHERE» долбоорунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Быйылкы Жайкы мектепке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Россия, Бельгия жана Япония өлкөлөрүнөн илимий институттардын, борборлордун, университеттердин, гидрометеорологиялык кызматтардын жана суу чарба департаменттеринин өкүлдөрү катышууда.

Иштин биринчи күнүндө катышуучулар Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан Кара-Булун жарым аралындагы көл станциясынын инфраструктурасы жана ишмердүүлүгү менен таанышты. Тянь-Шань эл аралык илимий борборунун башчысы Рысбек Сатылканов борбордун көл гидрологиялык станциялары, Ысык-Көлдү изилдөөнүн тарыхы жана мааниси тууралуу киришүү лекциясын окуп, көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнүн себептери жана бул маселени чечүү жолдору боюнча Жайкы мектептин катышуучулары менен пикир алышты. Катышуучулар байкоо түйүнүнүн өнүгүү тарыхы жана жергиликтүү станциялардын эл аралык илимий долбоорлордогу ролу тууралуу маалымат алышты.

Жайкы мектептин программасы улам жанданып бара жатат — улам эртеңки күн мазмундуу өтүүдө. Катышуучулар деңиз деңгээлинен 2 550 метр бийиктикте жайгашкан Чоң-Кызыл-Суу гидрометеостанциясына барышты. Ал жерде автоматтык метеостанциянын жана гидрологиялык посттордун иши менен таанышышты. Жолдон адистер «Токой кордону» гидропостуна да токтолуп, суу агымын өлчөө ыкмаларын көрсөтүп беришти.

Жайкы мектеп 11-августка чейин уланат. Бул убакыт аралыгында катышуучуларды дагы көптөгөн кызыктуу жана мазмундуу иш-чаралар күтүп турат. Негизги окуялардын катарында — Россия илимдер академиясынын Суу маселелери институту, Япониянын Киото университети, Бельгиянын Эркин университети (Vrije Universiteit Brussel), Борбор Азия аймактык гляциология борбору, Казакстандагы Ядролук физика институту сыяктуу мекемелердин лекторлору катышкан илимий семинар болот. Мындан тышкары, катышуучулар мөңгүлөрдү байкоо жана алардын масса балансын эсептөө ыкмалары боюнча тренинг өтүшөт. Бул алардын кесиптик даярдыгына жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүгө чоң салым кошот.

Сүрөттөр