Меню

A A
ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КЫРГЫЗ ОКУМУШТУУЛАРЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАБЫЗ

ЧЕТ ӨЛКӨДӨГҮ КЫРГЫЗ ОКУМУШТУУЛАРЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАБЫЗ

КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаевдин кызматка келгенине 1,5 ай болду. Бул учурда кандай иштерди жасап жатканын сурадык.
- Биз бир топ иштерди жасадык. Мыйзам, Устав боюнча институттун директорлору 70 жашка чейин дайындалышы керек. Ушул багытта 10го жакын институттун директорлору алмашты. Ал жерде белгилүү академиктер, корреспондент-мүчөлөр бар эле. Алар мыйзамды түшүнүп, өздөрү арыздарын жазып беришти. Алардын ордуна ошол институттардан карап, иштей ала турган жаш жетекчилерди койдук. Өзгөчө химия, математика институттары өз иштерин жакшы башташты.
Өткөн жылы “Илимдер академиясы жөнүндө” мыйзам, бул жылы академиянын Уставы кабыл алынган. Бирок мыйзам менен Уставдын ортосунда бир катар кирбей калган маселелер бар экен. Улуттук илимдер академиясына Конституция боюнча жалпы Кыргызстандагы илимди координациялоо укугу берилген, ушул жагында бир топ жетишпеген жактары бар. Академиянын эле эмес, башка тармактардагы, мисалы, министрликтердин алдындагы институттарды кординациялоо зарылдыгы турат. Жыл сайын жалпы илим боюнча КР Президентине жана Министрлер Кабинетине отчет беришибиз керек.
Андан сырткары, институттардын ичинде ар түрдүү лабораториялар бар. Алардын ичинде келечеги жок же начар лабораторияларды кыскартып, жаңы багыттагы лабораторияларды ачуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн биздин белгилүү окумуштууларыбыз бар. Алар менен байланышып, “Кыргызстанга кандай жардам бере аласыңар, Кыргызстандын илимине кандай салым кошо аласыңар?” деп бир-экөө менен сүйлөштүк. Алар дагы кубанышып, “Кыргызстандан биринчи жолу бизге кайрылуу болду, биз сөзсүз жардам беребиз” деп айтышты.
Кудай буюрса, алдыда турган иштерди акырындык менен жылдыра беребиз.