Меню

A A
БОТАНИКАЛЫК БАКТЫН БАГЫ АЧЫЛАТ

БОТАНИКАЛЫК БАКТЫН БАГЫ АЧЫЛАТ

Бүгүн, 9-июлда Корея ишкерлеринин жоон топ делегациясы Улуттук илимдер академиясына келишти. Алар Түштүк Кореянын Кёнги провинциясынын GH компаниясынан келишкен адистер - Жинёнг Пак - GH комипаниясынын Глобалдык бизнес бөлүмүнүн жетекчиси, Же Хо Пак – компаниянын менеджери, Же Хо Жанг - GH компаниясынын Донгтан Годок долбоору бөлүмүнүн менеджери, Хейн Шин – GH компаниясынын Глобалдык бизнес бөлүмүнүн жардамчы менеджери, ТэСик Хонг - SUPPRO компаниясынын вице-президенти, долбоор боюнча техникалык эксперт, Жунки Ким - SUPPRO компаниясынын орун басарынын башкы менеджери, долбоор боюнча техникалык эксперт.
GH - Түштүк Кореяда аты чыккан олуттуу компания. Анын 2024-жылы жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө токтолсок, компания Түштүк Кореяда 49 жаңы шаарларды жана өнөр жай комплекстерин жана 86,300 турак жайларды курган. Долбоорлорунун жалпы аянты 46 млн кв.метрге жетип, жалпы суммасы 45,4 млрд долларды түзгөн. 2017-жылдан бери компаниянын тапкан орточо кирешеси 1,2 млрд доллардын тегерегинде болуп келатат.
Ушул компания Бишкектеги Гареев атындагы Ботаникалык бакты өнүктүрүү үчүн долбоордун экинчи фазасын ишке ашырууну демилгелешти. Бул жолку долбоордун суммасы 210 миң долларга бааланууда. Ага 5 күнөскана салышат жана Горький көчөcүндөгү жашыл аймакка отургучтарды орнотуп, өсүмдүктөрдүн түрлөрүн тигип, көчөнү жарыктандырашат.
Бул жолугушууга КР Президентинин алдындагы Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Чолпонкул Арабаев, Гареев атындагы Ботаникалык бактын директору Мелис Чакибаев жана Ботаникалык бактын кызматкерлери катышты.

Сүрөттөр