Меню
БОТАНИКАЛЫК БАК ИЛИМИЙ ЖАНА ЭКОЛОГИЯЛЫК КООПСУЗДУК ҮЧҮН
КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барып, анын учурдагы абалы менен таанышты. Бактын жетекчилиги менен жолугушууда аткарылган иштер, көйгөйлөр талкууланды. Алдын-ала баалоолорго ылайык, бакты толук кайра калыбына келтирүүгө 340 млн сом талап кылынары аныкталды. Калыбына келтирүү иштерине жолдорду жана сугат системасын оңдоо, жөө жүргүнчүлөр тилкесин көрктөндүрүү, дренаж жана суу менен камсыздоо тармагын жаңылоо, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдүн коллекцияларын толуктоо кирет. Адылбек Касымалиев Ботаникалык бактын борбор калаа үчүн гана эмес, өлкөнүн илимий жана экологиялык коопсуздугу үчүн да маанилүү объект экенин баса белгиледи. Ал жашыл аймактарды көбөйтүү шаар экологиясын жакшыртып, жарандар үчүн ыңгайлуу чөйрө түзөөрүн айтты. Министрлер Кабинетинин төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга долбоорду этап-этабы менен ишке ашырууну жана каржылоо маселесин иштеп чыгууну тапшырды.