Меню

A A
БОТАНИКАЛЫК БАК – БИШКЕКТИН КӨРКҮ, ЖАШЫЛ МУРАСЫ

БОТАНИКАЛЫК БАК – БИШКЕКТИН КӨРКҮ, ЖАШЫЛ МУРАСЫ

Ботаникалык бак — КР Улуттук илимдер академиясынын түзүмүндөгү илимий мекеме. Ал Кыргыз Республикасынын “Илим жөнүндө” мыйзамына, Жер кодексине, КР УИАнын Уставына жана башка нормативдик актыларга ылайык иш алып барат. Бактын бардык жер тилкелери институттун туруктуу (белгиленбеген мөөнөттө) пайдалануу укугу менен бекитилген. Алар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы болуп эсептелет жана жеке юридикалык жактарга аренда, субаренда, концессия же башка келишимдер аркылуу берилбейт. Коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө толугу менен тыюу салынган.
Учурда мамлекеттин тапшырмасы менен бактын аймагында комплекстүү реконструкция жана модернизация иштери жүрүп жатат. Максаты — бактын илимий, экологиялык жана маданий дараметин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү. Өзгөчө көңүл коллекциялык дендрофлораны — кайың, карагай, бал карагай, үймө карагай, жаңгак жана башка баалуу дарактарды сактоого бурулган. Бактын аймагында инженердик жана экологиялык инфраструктура курулууда: жөө, велосипед жана спорт жолдору, 200 метр тереңдиктеги суу скважинасы, ирригациялык системалар, коргоочу тосмолор орнотулууда.
Күзүндө бакты илимий принциптерге ылайык жашылдандыруу жана ландшафттык жаңылоо иштери башталат. Кыргызстандын жаратылыш флорасын жана дүйнөнүн башка аймактарынан декоративдүү өсүмдүктөрдү чагылдырган экспозициялар түзүлөт. Беш заманбап күнөскана курулууда — аларда өсүмдүктөрдү үрөн жана вегетативдик жол менен көбөйтүү, көчөт даярдоо иштери жүргүзүлөт. Бул иштердин баары илимий, экологиялык жана агартуу максатында ишке ашырылат.
Институт эл аралык деңгээлде кызматташтыкты активдүү өнүктүрүүдө. Кореянын Кёнгидо провинциясынын токой изилдөө борбору, Россиянын Н.В.Цицин атындагы башкы ботаникалык багы жана башка аймактар менен келишимдер түзүлгөн. EUROGARD, BGCI жана башка эл аралык уюмдарга кошулуу процесси жүрүп жатат. Корея менен достук мамилени чагылдырган “Тынчтык корей багы” экспозициясы түзүлүүдө.
Институт коммерциялык эмес негизде иш алып барат. Илимий багыттагы жемиш лабораториясы кулпунай, малина, кара карагат, ит мурун, жимолость, крыжовник жана башка жемиштер боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт. Бул иштер мамлекеттик илимий программаларга ылайык, экологиялык туруктуулук жана илимий тактык менен жүргүзүлөт. Эксперименттик тилкелер жеке колдонууга берилбейт.

Сүрөттөр