Меню

A A
БИШКЕКТЕ ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЛДУ

БИШКЕКТЕ ЖЕР ТИТИРӨӨ БОЛДУ

12-сентябрда, саат 13:57де жер силкинип өттү. Жер титирөөнүн күчү эпицентрде болжол менен 4,5 балл, ал эми Бишкекте 4 балл болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөөнүн очогу Бишкектен 20 км түштүк-чыгышта, Кыргызстан аймагында жайгашкан.
«Көптөр жер титирөөнүн биринчи толкуну катуу келгенин айтышты. Бул жер титирөөнүн тикесинен келгенин билдирет. Бул очоктун тереңдигине (15–20 км) байланыштуу. Эпицентр Бишкекке жакын болгондуктан, тик толкун өзгөчө сезилди», - деди Улуттук илимдер академиясынын президенти жана Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов,
Анын айтымында, мындай жер титирөөлөр адаттагы көрүнүш жана афтершоктор күтүлбөйт, анткени бул жер титирөө алсызыраак болду. Афтершоктор катуу жер титирөөдө артынан кайталанып турат. Кыргызстанда жыл сайын 9300–9500 сейсмикалык окуялар катталып турат.