Меню

A A
БИРГЕЛЕШКЕН ИНСТИТУТ ТҮЗҮҮ МАКСАТЫ БАР

БИРГЕЛЕШКЕН ИНСТИТУТ ТҮЗҮҮ МАКСАТЫ БАР

Кытай Эл Республикасынын коомдук илимдер академиясынын эл аралык кызматташтык боюнча бюросунун башкы директорунун орун басары Ли Яң КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясына келип, УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов менен кезикти.
Ал Кытайдагы коомдук илимдер академиясы жөнүндө кеңири маалымат берип, Кыргызстан илимпоздору менен биргеликте кызматташуу үчүн илимий институт ачуу жөнүндө ойлорун ортого салды. «Биргелешкен институт ачылса ал экономикалык өнугүү, мамлекеттик башкаруу, жашыл энергетика, жасалма интеллект, санариптештирүү, глобалдык башкаруу, аймактык кызматташуу жана көптөгөн маселелерди ичине камтыйт. Институтта илимпоздордун тажрыйба алмашуусуна, илимий изилдөөлөрдү чогуу жургүзүүсүнө, илимий макалаларды чыгарууга, илимий жетишкендиктер тууралуу көргөзмөлөрдү уюштурууга, системалуу курстарды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деди Ли Яң.
Келген меймандар биргелешкен институт ачуу үчүн имарат бөлүп берүүнү, аны толук ремонттон өткөрүп, бардык керектүү жабдуулар, эмерек менен жабдып алышаарын айтышты. Имарат толук оңдолуп бүтүп, ушул жылдын август айында - ШКУ саммитинин алкагында ачылышы болсо максатка ылайыктуу болоорун билдиришти.
УИАнын президенти Канатбек Абдрахматов бул сунушту ойлонуп көрөөрүн билдирди.
КЭРдин коомдук илимдер академиясынын алдында 42 институт бар. Жалпысынан 4 миңден ашык кызматкерлер иштейт. Алар дүйнөнүн 200дөн ашуун илимий институттары менен кызматташат.

Сүрөттөр