Меню
БИР ЖАКАДАН БАШ ЧЫГАРАБЫЗ
Өткөн жумада Улуттук илимдер академиясында башталган “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу тренинги бүгүн, 20-октябрда аяктап, 50дөй мамлекеттик кызматкерге КР мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов сертификаттарды тапшырды. “Эгемендүүлүктөн кийин коррупция чырмооктой жайылып, ОПГ бизнести иштетпей, баарын бийлеп алган. Салыктан, бажыдан түшкөн акчалардын 40%га чейин уурдалып турчу. Акыркы 3-4 жылда өлкө өнүгүп келатат. Баары колубуздан келет, укмуштуудай өнүгүүнү өзүбүз жасап алсак болот. Өз тагдырыбыз өз колубузда. Болгону биригишибиз керек. Мамлекеттик кызматкердин этикасын, тазалыгын, маданиятын, тарбиясын көрсөтөлү, - деди мамлекеттик катчы.
КР Президентинин Администрациясы жана КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясы биргеликте уюштурган тренингди кыргыздын белгилүү инсандары, академиктер, жазуучулар, илимдин докторлору – Сулайман Кайыпов, Кыяс Молдокасымов, Топчугүл Шайдуллаева, Нурханбек Момуналиев, Темирбек Чодураев, Мелис Мураталиев, Канат Жанузаков, Октябрь Капалбаевдер окушту.
Аталган курс КР Президентинин
2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өтүүдө.
Уңгужолдун максат, милдеттерин окуган мамлекеттик кызматкерлер ыраазычылыктарын билдиришип, сунуштарын да беришти. “Биз эми алган билимибизди акимдерге, айыл өкмөт башчыларына, кызматкерлерине жеткиребиз. Мындай мамлекеттик идеологияны билген эмеспиз, эми түшүндүк. Баарыбыз бир идеологияда бириксек, чоң иштерди жасайбыз. Дин багытында жүргөн имамдарга, молдолорго да уңгужолду түшүндүрүү керек. Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, өлкөбүз үчүн биргеликте иштейбиз”, - дешти катышуучулар.