Меню

A A
БИОТЕХНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ КОЙ ЖҮНҮН АНЫКТООЧУ АППАРАТ АЛДЫ

БИОТЕХНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУ КОЙ ЖҮНҮН АНЫКТООЧУ АППАРАТ АЛДЫ

Бүгүн Биотехнология институтуна баш багып, жакшы бир жаңылыкка күбө болдум. Кезинде Кыргызстан уяң жүндүү койлору менен даңкталып келген. Аны союз учурунда Кыргыз ССР илимдер академиясынын академиги М. Лущихин чыгарып, кой чарбасындагы даңазалуу жолду чаап кеткен. Кийин аны кызы жана аспиранттары уланткан. Кыргыз тоолорунда аппак койлор картина болуп тартылып калганы элдин эсинде. Ал кезде уяң жүндүү койлордун саны 10 миллионго жеткен. Азыр бир миллионго да жетпейт. Кыргызстандын ар кайсы аймактарында уяң жүндүү койлордун санын көбөйтүүчү кой чарбалары иштеп жатат.
Биотехнология институту койдун жүнү, генетикасы боюнча асыл-тукум чыгаруу иштерин жүргүзүп келет. Институт бир жылдан бери аракеттенип жүрүп Австралиядан кой жүндөрүнүн ичке-жоондугун, тармалдуулугун, сапатын аныктай турган оптикалык-лазердик приборду алдыртышкан. Ал Австралиядагы “Роботик-Визион” компаниясынын аппараты. Баасы 11 млн сом турат. Бүгүн ошол аппаратты ачуу зыйнатына катыштык.
Аппаратты Италиядан атайын адис коштоп келип, институттун кызматкерлерине анын иштөөсүн үйрөтүүдө.

Сүрөттөр