Меню

A A
БИЛДИРҮҮ

БИЛДИРҮҮ

КР УИА НИИ жетекчилерине,
Илимий катчыларга
2026-жылдын 26-февралындагы № 01-14-21 «Аспиранттарды даярдоо программасын ишке ашыруу жөнүндө» буйругуна ылайык, 2026-жылдын 16-мартынан тартып аспиранттар жана изденүүчүлөр үчүн төмөнкү дисциплиналар боюнча окуу башталат:
• «Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы»
• «Педагогикалык чеберчилик мектеби»
• «Академиялык жазуу»
Ушуга байланыштуу, күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн 1- жана 2-курс аспиранттарынын жогоруда көрсөтүлгөн дисциплиналар боюнча сабактарга милдеттүү түрдө катышуусун камсыз кылууну суранабыз.
Окуу аяктагандан кийин дисциплиналар боюнча сертификат берилет.
Сабактар КР УИАнын башкы имаратынын экинчи кабатындагы кичи жыйындар залында өткөрүлөт.
САБАКТАРДЫН ӨТYЛYШY
1. Педагогикалык чеберчилик мектеби (2026-жылдын 18-мартынан баштап)
Шаршемби жана жума, саат 16:00дөн 17:00гө чейин
• Шаршемби — 1-топ, 2-топ
• Жума — 1-топ, 2-топ
2. Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы (2026-жылдын 18-мартынан баштап)
Шаршемби, жума, саат 17:00дөн 18:00гө чейин
• Шаршемби — 1-топ, 2-топ
• Жума — 1-топ, 2-топ
3. Академиялык жазуу (2026-жылдын 19-мартынан баштап)
Шейшемби жана бейшемби, саат 17:00дөн 18:00гө чейин
• Шейшемби — 1-топ, 2-топ
• Бейшемби — 1-топ, 2-топ
2026-жылдын 17-мартына чейин күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн 1- жана 2-курс аспиранттарынын тизмесин ОНиМСке тапшырууну суранабыз.