Меню
БАСМАКАНА ОҢДОЛДУ
Улуттук илимдер академиясынын басмаканасы иштейт. Биз басмакананы кыдырып көрүп, азыркы абалы менен тааныштык. Директору Малабек Токтоболотов буларды айтып берди:
- Биз отурган имарат согуш убагында 3 кабат болуп 1943-жылы курулган. Союз учурундагы эң чоң басмаканалардын бири болгон. Бирок эгемендик келгенден кийин такыр каралбай калып, 1996-жылы ал тургай жылуулук берүү токтотулган. Көп жыл тура берген имаратты акыркы жылдары мамлекеттик Мүлк комитети арендага берип келиптир. Бирок бирөө да бир мык каккан эмес. Мен 2023-жылдын декабрь айында келсем 2 компьютер, 4 кызматкер бар экен. 2024-жылдан баштап Каржы министрлигине долбоор жазып, ички ремонт иштерин жасадык, жылытуу системасын тарттырдык. Россиянын бир компаниясынан журнал, китеп баса турган жабдууларды алып, 2025-жылы декабрда койдурдук. Кызматкерлер үчүн жакшы шарт түзүлдү. Быйыл имарттын сыртын оңдойбуз.
Бизге китептерди кенен баса турган чоң офсеттик машина керек. Ушуга акча табылып, Европадан алдырып калсак, жакынкы келечекте илимий кызматкерлердин китептерин, монографияларын, буклеттерин басып беребиз, сырттан да акын-жазуучулардан китеп басууга буйрутмаларды алабыз.
Малабек Анашевич бардык дараметин басмакананы оңдоого жумшап жатыптыр. Өндүрүш бутуна туруп, гүлдөп-өнүгүп кетет деген ишенимибиз бар.