Меню

БАШТАЛГЫЧ КЛАССТАРГА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ «ИЛИМ» САБАГЫ КИРГИЗИЛЕТ
«Мурун бул сабак «табиат таануу» деп аталып келген. Эми табигый-тактык илимдер дүйнөлүк стандарттарга шайкеш келтирилди. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Эми биздин балдар 150 өлкөнүн балдары окуган сабактар боюнча билим алышат. Быйыл табигый-тактык илимдерге өзгөчө көңүл бурабыз. Мисалы, мурда бул сабактарга жума сайын болгону 1 саат берилсе, азыр кошумча 2 саат кошулду. Кыргыз тили мугалимдери бир саат кыскарганын айтып жатышат. Бирок кыргыз тилине билим берүү бир гана кыргыз тили сабагы аркылуу эмес, башка сабактарда да жүрөт: математика, биология, тарых ж.б. Биз алар үчүн шарт түзөбүз, технологиялык багыттар боюнча адистерди даярдайбыз», — деди билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева.