Меню
Б.ЮНУСАЛИЕВ АТЫНДАГЫ ТИЛ ИНСТИТУТУ КАНДАЙ ИШТЕРДИ АТКАРАТ?
Илимий институттун директору Сыртпай Мусаев: “Институт көп багытта иштерди жүргүзөт. Кыргыз тилин мамлекеттик тил катары илимий жагын изилдөө иштери турат. Байыркы кыргыз тили системалуу түрдө изилденген эмес. Биринчи ишибиз – байыркы жазма эстеликтердеги жазуулар канчалык деңгээлде кыргыз тилине жакын? Азыркы кыргыз тили байыркы кыргыз тили менен канчалык карым-катышта? Енисей жазууларындагы канча сөз, кандай сөз, кандай грамматикалык формада, канчасы өзгөргөн, канчасы өзгөргөн эмес, маанилик, формалык, грамматикалык жактан изилдеш керек. Орто кылымдагы жазма эстеликтер, мисалы Махмуд Кашгаринин, андан кийин кыпчак жазма эстеликтердин баары орток жазма эстеликтер. Ал жазма эстеликтерден казактар, түрктөр, өзбектер өздөрүнө тишелүүсүн таап алып жатышат. Биз дагы өзүбүзгө тиешелүү жерлерин алышыбыз керек. Бул боюнча көптөгөн китептер чыккан. Чагатай тилин изилдөө маселелери бар.
Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү керек. Жасалма интеллекттин, интернеттин өзүнүн “мээси” жок. Тил болбосо алар тапшырма аткара албайт. Бул боюнча иштер толтура”.
Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү керек. Жасалма интеллекттин, интернеттин өзүнүн “мээси” жок. Тил болбосо алар тапшырма аткара албайт. Бул боюнча иштер толтура”.