Меню
АЙЫЛ ЧАРБАСЫНЫН АТАСЫ
Бүгүн, 26-ноябрда академик, айыл чарбасына эбегейсиз эмгек сиңирген инсан, илимпоз практик, союз учурунда аткаруу бийлигинин көрүнүктүү өкүлү, комузчу аткаруучу, обончу Жамин Акималиевдин "Жүрөктү жылыткан жылдарым" китебинин бет ачары болду.
Иш-чарага академиктер, илимпоздор катышты. Китеп абдан кызыктуу, жалпак тилде Турдакун Усубалиев, Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Абсамат Масалиев, Чыңгыз Айтматов, Бүбүсара Бейшеналиева, Сталин, Хрущев, Горбачев, райондун биринчи катчылары, Социалисттик эмгектин Баатырлары, алардын мамилелери, Москванын таасири, дан, жашылча өстүрүүдөгү баалуу сунуштар, Скрябиндин эстелигин тургузуу, кызматтан кызматка көтөрүлүшү, кызматтан алынышы жана көптөгөн белгилүү инсандар жөнүндө эскерүүлөрү ушунчалык элестүү, жөнөкөй жазылган.
Ошончолук бай окуяларды ичине камтып, адамдын окугусун келтирет. Билген сайын билгиң келип, китептин ичине арбалып кетесиң. Башыңды көтөрө албай, аягына чыккыча тамшанасың.
Китептен баалуу кеңештерди тапса болот. Жер кыртышын жакшы билген илимпоз катары буларды сунуштайт. Мен айрымдарын гана жаздым.
- Элибизди арзан жана сапаттуу кумшекер менен камсыз кылуу үчүн 25,000 гектар жерге кызылчаны сепсек жетет
- Баткендин шор баскан жерлерине кара беде себүү керек. Беде шорду соруп, кыртышты асылдандырат. Шор баскан жерлерге гипсти колдонуу да зарыл. Ал жердин шорун кыйла азайтат. Жүзүм тигүү да ылайыктуу. Сугат жерлерде жүзүмдүн канттуулугу 17-18% болсо, Баткенде 25%га жетет. Анан мөлтүлдөгөн өрүгүн суу жетпеген бөксө жерлерге айдап, тамчылатып сугарса болот
Топуракты эрозияга алдырбоо учун которуштуруп айдоо зарыл.