Меню
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨ АРДАКТАЛУУГА ТИЙИШ
Бүгүн Орто Азия Айлана-чөйрөнү коргоо жана экология илим изилдөө борборунун жетекчилери – Кытай тараптан Ли Яоминг, кыргыз тараптан Абдыжапар уулу Саламат мырзалар келишип, КР Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын президенти Бекмамат Дженбаев, вице-президенти Гульнара Ботоканова, башкы илимий катчы Айнура Адиева менен жолугушуп, жасалып жаткан иштерге учкай токтолуп, алдыда жасала турган иштери менен тааныштырышты.
«Биздин борбор негизинен климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу экология жаатында, биоартүрдүулүктү сактоо жана айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү багытында иштеп келатат. Эми биз жол жээктериндеги селдердин агышы, кар көчкүлөрдүн алдын алуу, суу көйгөйлөрү боюнча иштерге да көңүл буралы деп турабыз. Мындай иштерди Тажикстанда жүргүздүк. Биз экологияга коркунуч келтирген өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жумуштарын кеңейтүү үчүн Илимдер академиясы менен кызматташууга даярбыз. Сиздердин берген сунуштарыңыздарды талкуулап көрүп, долбоорлорду карап, гранттарды берүүгө аракет кылабыз. Азыр өкмөттөр аралык деңгээлде келишимдер түзүлүп жатат. Быйыл берилген 120 долбоордун ичинен 10 долбоорго макулдук берилет. Мен Орто Азияда 12 жылдан бери иштеп келатам. Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан менен абдан тыгыз иштешип жатабыз. Буга чейин сиздердин Геология институту, Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту, илимий-өндурүштүк токой борбору, Жалал-Абад илимий институту менен иштешип келдик. Эми биз башка институттар менен да иштешүүгө даярбыз», - деди Ли Яоминг мырза.
«Абдан жакшы. Биздин Кыргызстанга бир эле Кытай эмес, Япония, Европа өлкөлөрү абдан көңүл буруп жатышат. Кытай биздин жакын коңшубуз. Албетте долбоорлорду жазууга катышабыз. Мен академиянын атынан Кытайда Зоология жана Ботаника институтунда болгом. Биз ар түрдүү багыттар боюнча сиздер менен иштешүүгө даярбыз. Бизде көйгөйлөр көп», - деди президент Бекмамат Дженбаев.
Маалымат үчүн: Орто Азия Айлана-чөйрөнү коргоо жана экология илим изилдөө борбору Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын өз ара кызматташуу жөнундө келишиминин негизинде 2014-жылдын 22-апрелинде тузүлгөн. Борбор коммерциялык эмес илимий уюм, өз ишмердүүлүгүн Уставдын негизинде жүргүзөт. КР Юстиция министрлигинен 2015-жылы каттоодон өткөн.